Баланы коргойбуз: соцтармактарга коопсуздук ырастоолорун орнотобуз

08.11.2019

О! Мобилдик операторунан киберкоопсуздук боюнча долбоордун алкагындагы «Санарип дүйнөдө кантип аман калуу керек» рубрикасынын пайдалуу кеңештерин сиздер менен бөлүшүүнү улантабыз.

  1. Социалдык тармакта баланы каттап жатып, катталуу формасында анын атын өзгөртүү менен аны коргоого аракет жасабаңыз. Баланын өз аты менен фамилиясын колдонгон жакшы болот, бул учурда балаңыз социалдык тармакты жашыруундуулук ырастоолорун эсинен чыгарбастан ийгиликтүү пайдалана алат.

  2. Балаңыздын социалдык баракчасындагы маалымат өтө аз болбошу зарыл, антпесе баланын достору аны таба албай калышат, бирок толук маалыматты берүү дагы сунушталбайт: үйдүн дарегин жарыялабаңыз, же анын телефону баарына жеткиликтүү болбошу керек, балаңыздын катышып жаткан кружокторун жана студияларын даректери менен жазуудан баш тартыңыз. Балаңыздын үйдүн дарегин жана эң көп баруучу жайларынын даректерин өз окуяларында көрсөтпөөсүнө байкоо жүргүзүп туруңуз.

  3. Эгер сервис катталуу учурунда телефон номерин сураса, «тутумду алдоо» үчүн жалган номерди киргизүүгө аракет жасабаңыз. Телефон номери аркылуу катталууну тастыктоо – бул формалдуулук эмес, мунун баары сиздин коопсуздугуңуз үчүн аткарылат.

  4. Баарлашуунун түрдүү сервистерин колдонуу менен балаңыз өз контакттарына жеке тааныган гана кишилерин кошуусу керек. Атактуу инсандардын, же коомчулуктардын популярдуу баракчаларын кошушу мүмкүн.

  5. Сервисти колдонуу үчүн өз аккаунтуңузду түзүңүз да, балаңыз менен «достошуп» алыңыз.

  6. Кээде анын активдүүлүгүн көрө тургандыгыңыз, анын ичинде досторунун тизмесине да көз жүгүртө тургандыгыңыз тууралуу келишип алыңыз. Бирок жеке кат алышууларына кийгилишпейсиз.

  7. Балаңызды социалдык тармактагы жагымсыз контенттен коргоо үчүн O! Safe Kids тиркемесин орнотуп алыңыз.

Сунушталган коопсуздук ырастоолорун жана O! Safe Kids тиркемесинин ата-эне көзөмөлүн колдонуу менен сиз балаңызды социалдык тармакта коопсуз кыла аласыз. Эгер техникалык каражаттар менен катар эле сиз балаңыз менен сүйлөшүп, социалдык тармактагы эрежелерди түшүндүрүп, ал үчүн жаңы аймакты өздөштүрүүсүнө ар тараптуу жардам көрсөтө алсаңыз, анда сиз балдарыңыздын онлайн-баарлашуу коркунучун азайта аласыз.

 


Тизмеге кайтуу