Кыргызча
21 апреля 2026

Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик оператору маалымдайт

Роуминг кызматтарына тарифтердин төмөндөгөнүн тууралуу.

«НУР Телеком» ЖЧКсы 2026-жылдын 13-майынан тарта U Mobile Малайзия, Elisa Эстония, Nova Исландия, Claro Пуэрто Рико, Mobitel Шри-Ланка, CTM Макао, Tele2 Швеция жана Airtel Индия тармактарында роумингде жүргөн «НУР Телеком» тармагынын бардык абоненттери үчүн роуминг кызматтарына абоненттик тарифтердин төмөндөгөнүн билдирет.

Ошондой эле, 13.05.2026-жылдан баштап бул тармактар «Интернет-роуминг» пакеттери жана «Роуминг», «Чексиз WhatsApp», «Чексиз Telegram», «Роумингдеги карталар» кызматтары иштеген тармактардын тизмесине кошулат.

Толук маалыматты компаниянын расмий www.o.kg сайтынан же О! сатуу жана тейлөө кеңселерден билүүгө болот. КР МТжБМК алдындагы МБА тарабынан берилген лицензиялар: №16-0062-КР 06.12.2016-ж., №16-0063-КР 06.12.2016-ж.