Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору бүт өлкө боюнча тармактын өткөрүмдүүлүк жөндөмүн жана интернетке кирүү ылдамдыгын көбөйтүү боюнча масштабдуу ишин улантууда. Жакында Ысык-Көл, Чүй, Нарын жана Ош облустарындагы 4G LTE стандартынын сыйымдуулугу менен камтуусу көбөйтүлдү.
Эс алуучулардын эң көп топтолгон жерлердеги базалык станциялардын саны өстү. Мунун баары туристтерге гана эмес, курорттук аймактын тургундарына да үзгүлтүксүз жана сапаттуу байланыштан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет:
Төмөнкү калктуу пункттарда сыйымдуулук менен тармактын камтуусу көбөйтүлдү:
Чүй облусу: Токмок шаарында, Дмитриевка, Жаңы-Пахта, Сокулук, Подгорное, Фрунзе, Ивтановец, Новопокровка, Ленинское, Кызыл-Туу, Виноградное айылдарында;
Нарын облусу: Нарын шаарында жана Кара-Суу, Кум-Дөбө, Куланак, Кочкорка айылдарында;
Ош облусу: Кеңеш айылында.
О! – Кыргызстандагы 4G LTE-тармагынын камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидер. О! Мобилдик операторунан интернетке жогорку ылдамдыктагы кеңири тилкелүү кирүү өлкөнүн калкынын 95%ынан ашуун тургундарына жеткиликтүү.
О! тармагынын камтуу картасын www.o.kg сайтынын Тармак камтыган аймак бөлүмүнөн көрүңүз.

Жакын болуу дагы пайдалуу: О! үй-бүлөлүк туташууга арзандатууларды сунуштайт
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

QA/SDET инженери бол: О! компаниясынан InternLabs акысыз такшалмасына кабыл алуу башталды!

Окууга «Мой О!» менен даярданабыз: 95 сомдон тарифтер, окуу акысын төлөө жана кешбэк

O!TV тиркемесинен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күбө болуңуз
Бардык жаңылыктар