Бишкекте О! Мобилдик операторунун жаңы IT-коворкинг борбору ачылды

01.11.2019

31-октябрда О! Мобилдик операторунун жаңы коворкинг-борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ачылышта Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТжБМК) төрагасы жана IT-коомчулугунун активдүү мүчөлөрүнүн катышуусу менен басма сөз жыйыны болуп өттү. Жолугушуу «Санарип Кыргызстан 2019-2023» концепциясынын «Мамлекет платформа катары» пилоттук долбоорунун алкагындагы МТжБМК менен О! Мобилдик операторунун ийгиликтүү өнөктөштүгүнүн негизги багыттарына арналды.

открытие (3).jpgоткрытие (25).jpg

МТжБМК төрагасы Дастан Догоев санариптүү Кыргызстандын калыптануусуна жана «Мамлекет платформа катары» долбоорун өнүктүрүүдөгү активдүү социалдык позициясы үчүн О! Мобилдик операторуна ыраазычылык билдирди.

«IT рыногундагы тажрыйбалуу оюнчунун катышуусу менен Кыргызстандын жарандары ар түрдүү кызматтарды жана сервистерди алууда мамлекеттик органдар менен гана эмес, бизнес-структуралар менен да өз ара аракеттешүүсүндө ыңгайлуулуктун жаңы деңгээлине жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышат. Синергия жана ресурстарды бириктирүү – бул бүгүнкү күндүн тренди гана эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү, санариптик өзгөрүүсү үчүн керектүү курал болуп саналат. Кыргызстанга трансформациялык процесстерди тездетүү үчүн жаңы өз ара аракеттешүү маданиятын ишке киргизүү керек», – деп МТжБМК төрагасы Дастан Догоев белгиледи.

открытие (26).jpgоткрытие (4).jpg

«Бүгүн О! Мобилдик оператору жөн гана байланыш оператору эмес, – деп О! Мобилдик операторунун операциондук ишмердүүлүк боюнча директору Алла Опариенко улантты. – Компания мобилдик байланыш кызматтарын гана көрсөтпөстөн, жалпысынан Кыргызстандын IT-коомчулуктун өнүгүүсүнүн драйвери болууну чечти. Компания программалык камсыздоону өндүрөт, кредит берүү кызматтарын көрсөтөт, ыңгайлуу онлайн-сервистер жана санариптик кызматтарды сунуштайт, жаш IT-адистерге өсүүгө жана өнүгүүгө жардам берет. Биз жаңы коворкинг ачып жатабыз. Бул борбор жаңы Контакт-борборубуздун үйү гана болбостон, IT-долбоорлор пайда боло турган, ал эми жаштарга билим ала турган жана санариптик коомчулукка салым кошо турган жай болот».

Открытие (39).jpg2.jpg

Жаңы коворкингде билим берүүчү IT-иш-чаралар, митаптар, вебинарлар, мастер-класстар өткөрүлүп турат. Жана албетте, МТжБМКнын өнөктөшү – О! Мобилдик оператору программисттер менен инженерлер үчүн Intern Labs стажировка программасын жарыялады, эми компания студенттерди системалуу түрдө өнүктүрө алат. Бир нече багыттар боюнча стажировкадан өтүүгө болот – биздин компаниянын негизги технологиялары боюнча: Java, Python, Android жана iOS иштеп чыгуу, тестирлөө. Intern Labs стажировка программасынан өтүп жатканда же өткөндөн кийин стажерго оператор тарабынан жумуш орду сунушталып калышы мүмкүн.

IT тармагындагы иш-чараларды өткөрүү үчүн өтүнмөнү pr@nurtelecom.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.

открытие (14).jpgоткрытие (15).jpgоткрытие (16).jpgоткрытие (28).jpg

 


Тизмеге кайтуу