Акыркы жаңылыктар
Телефон аркылуу алдамчыдык аракеттери Кыргызстанда күч алууда – ниети бузук адамдар барган сайын жаңы схемаларды ойлоп таап, күнүнө жүздөгөн абоненттерге чалып, ар кандай билдирүүлөрдү жиберип жатышат. Шылуундар ишенимдүү сүйлөп, кызматтык терминдерди колдонушат, ал тургай өздөрүн мобилдик операторлордун же мамлекеттик органдардын кызматкерлери катары тааныштырышат.
Алардын кайырмагына илинип калбаш үчүн популярдуу схемаларды билүү зарыл жана эң башкы эреже – SMS менен келген кодду эч качан эч кимге бербеңиз.
1. «SIM-картаңыздын мөөнөтүн узартыңыз»
Акыркы убактагы эң көп кездешип жаткан схема. Абонентке О! компаниясынан чалып жатканын айтып, «сиздин номериңиздин мөөнөтү аяктап жатат» деп эскертишет. Келишимдин мөөнөтүн узартыш үчүн SMS менен келген кодду айтууну суранышат. Чындыгында максат бир эле – номериңизге, банк тиркемелерине жана электрондук капчыктарыңызга кирүүгө мүмкүндүк алуу.
Буларды билишиңиз керек: байланыш кызматтарына келишим мөөнөтсүз негизде түзүлөт, эч нерсени узартуунун кереги жок. Маалыматтарды жеке өзүңүз гана жаңылай аласыз. Муну «Мой О!» тиркемесинен же O!Store кеңселеринен аткара аласыз.
2. WhatsApp мессенджерин бузуп кирүү жана «достордон келген билдирүүлөр»
Шылуундар башкалардын WhatsApp аккаунтун бузуп кирип, андан жакындарыңыздан карызга акча сурап жазышат, же болбосо «балдардын сүрөт сынагында балаңызга добуш берүү» өтүнүчүнүн шылтоосу менен күмөндүү шилтемелерди камтыган билдирүүлөрдү жиберишет. Бул шилтемелерге кирүү менен колдонуучулар аккаунтуна кирүү мүмкүндүгүнөн ажырап калышат. Жөнөкөй сырсөздөр колдонулат, кош факторлуу коргоо өчүрүлгөн – натыйжа катары шылуундар сиздин досторуңуздун атынан аракетке өтөт.
Кантип коргонуш керек:
· SMS менен келген коддорду эч качан бербеңиз;
· Күмөндүү шилтемелерге кирбеңиз;
· Кош факторлуу аутентификацияны күйгүзүп коюңуз (Ырастоолор → Аккаунт → Эки кадамдуу текшерүү);
· Эгер сизге «досуңуз» акча берип туруу өтүнүчү менен жазса – өзүңүз ага чалып, маалыматты тактаңыз.
3. Фейк сатуучулар жана «70% арзандатуу»
Интернет популярдуу бренддердин жасалма, ал тургай көк чымчыкча менен белгиленген баракчаларына толуп кетти. Чыныгы фотосүрөттөр, кызыктыра турган товарлар, бирок акчаңыз шылуундардын чөнтөгүнө түшөт.
Жасалма баракчаларды кантип аныктаса болот:
· Сайттын дарегин текшериңиз;
· Акча каражаттарын түздөн-түз которбоңуз, корголгон аянтчаларды гана пайдаланыңыз;
· Эгер сатуучу шаштыра турган болсо, анда бул тузак деп эсептей бериңиз.
4. «ИИМден, Каржы министрлигинен же КРУБдан чалып жатабыз»
Эң коркунучтуу схема: сизге чалып, «атыңызга кредит алынды» же «эсебиңиз текшерилип жатат» деген билдирүүлөр айтылат. Акча каражаттарыңызды сактап калуу үчүн аларды «коопсуз эсепке» которо турууну сунушташат.
Бир дагы мамлекеттик орган жарандарга мындай билдирүүлөр менен чалбайт. Сүйлөшүүнү дароо токтотуп, ведомствонун расмий байланыш борборуна чалып тактаңыз.
Эгер шылуундардын тузагына түшүп калганыңызды аңдасаңыз, эмне кылышыңыз керек:
1. Дароо банк карталарыңызды бөгөттөңүз.
2. Байланыш операторуңузга жана банкыңызга бул тууралуу кабарлаңыз.
3. Сырсөздөрдү алмаштырыңыз.
Эң башкысы – өзгөчө аялуу деп эсептеген жакындарыңызга: ата-энеңизге, чоң ата, чоң энелериңизге, тайата-тайэнелериңизге эскертиңиз. Аларга шылуундардын кантип аракеттене турганы жана алардан кантип коргонуш керек экендиги тууралуу айтып бериңиз.
Ар бир маалыматты текшериңиз, «кызматтардан» келген чалууларга ишенбеңиз жана эсиңизден чыгарбаңыз: жеке маалыматтарыңыздын коопсуздугу – сиздин колуңузда.
О! абоненттери күмөндүү бардык учурлар тууралуу О! Колдоо кызматына 707 номери боюнча же компаниянын расмий каналдары аркылуу билдире алышат. WhatsApp: https://wa.me/996705700700 же Telegram: @o_mobile_operator_bot аркылуу, o.kg сайтындагы онлайн-чатка, ошондой эле Facebook, Instagram, Theads, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлөрдү жазыңыз.
«НУР Телеком» ЖЧКнын КР МТБМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.
Номериңиз кандайча сиздин жеке брендиңизге айлана алат
Чыгыштын рухундагы онлайн-кинотеатр: O!TVде RizaNova. Акысыз көрүп көрүңүз!
Мен эч нерсени өзгөртүүнү пландаган эмесмин, бирок аны көрүп калдым...
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Россиядагы роумингде чектөөлөр
О! операторунан жаңы акысыз КОМБО-опциялар – жаңы таасирлер!
Бардык жаңылыктар