Кыргызча
19 января 2026

Акыркы жаңылыктар

O! түйүнү дагы да күчтөндү: 100дөн ашык калктуу конушта масштабдуу жаңылануу

O! түйүнү дагы да күчтөндү: 100дөн ашык калктуу конушта масштабдуу жаңылануу

Ири шаарлардан тартып алыскы айылдарга жана бийик тоолуу кен чыккан жерлерге чейин камтыды.

О! Мобилдик операторунун техникалык адистери өлкөнүн 100дөн ашык калктуу конушунда төртүнчү муундагы LTE түйүнүн ишке киргизүү жана кубаттуулугун кеңейтүү боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүштү. Жакшыртуулар республиканын бардык аймактарын – ири шаарлардан тартып алыскы айылдарга жана бийик тоолуу кен чыккан жерлерге чейин камтыды.

Инфраструктуранын тынымсыз өнүгүшү тармакка болгон жүктүн көбөйүшүнө карабастан, туруктуу жогорку ылдамдыктагы интернетти жана сапаттуу байланышты камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Төмөндө техникалык иштер жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси келтирилген:

  • Бишкек жана Чүй облусу: Тармактын кубаттуулугу борбор калаада жана Кант, Кара-Балта, Токмок, Кемин шаарларында жогорулатылды. Жумуштар ошондой эле Төмөнкү Ала-Арча, Төмөнкү Серафимовка, Бирдик, Рот-Фронт, Чүй, Байтик, Бекитай, Первомай, Панфилов, Александровка, Сокулук, Виноградное, Новониколаевка, Советский, Төмөн-Суу, Жаңы-Жер, Саз, Озерное, Ивановка, Маевка, Восток, Ойронду, Дмитриевка, Арашан, Өскөн-Ордо конушу жана «Энергетик» дачалары сыяктуу айылдарды камтыды.

  • Ош облусу: Жаңы жабдуулар Ош шаарында, ошондой эле Кызыл-Тейит, Куршаб, Терек, Кургак-Демик, Сары-Булак, Мырза-Аке, Эльчибек, Боз-Караган, Шарк, Кызыл-Мехнат жана Кара-Ой айылдарында ишке киргизилди.

  • Жалал-Абад облусу: Манас, Базар-Коргон, Токтогул шаарларында жана Кара-Жыгач, Беш-Мойнок, Арал, Жыгач-Коргон, Турдүк, Куйбышев атындагы айылдарында байланыш жакшырды.

  • Ысык-Көл облусу: Орто-Өрүктү, Кереге-Таш, Бөкөнбаев, Теплоключенка, Чырпыкты, Бактуу-Долоноту, Желе-Дөбө жана Кош-Көл айылдарына техникалык өнүгүү жеткирилди.

  • Нарын облусу: Жогорку ылдамдыктагы LTE интернети Ача-Кайынды, Баш-Кайынды, Ак-Кыя, Баетово, Чолок-Кайын, Кош-Дөбө, Баш-Кууганды, Төлөк (Чокой-Булак участкасы), Чоң-Дөбө, Чолпон айылдарында, ошондой эле «Солтон-Сары» кенинде жеткиликтүү.

  • Талас облусу: Жумуштар Кыргызстандын Жийде, Арал, Нылды, Кайнар, Арчагул, Көк-Дөбө, Чымгент, Суулу-Маймак, Кара-Сай, Көк-Сай, Чеч-Дөбө жана Кызыл-Адыр айылдарында жүргүзүлдү.

  • Баткен облусу: Булак-Башы айылында байланыш жакшыртылды.

О! Мобилдик оператору абоненттеринин ыңгайлуулугу үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында байланыштын заманбап стандарттарын киргизип, технологиялык лидерлик боюнча системалуу ишин улантууда.

Ыңгайлуу тарифти тандап, eSIM технологиясынын жардамы менен «Мой О!» тиркемеси аркылуу кеңсеге барбастан, аралыктан туташсаңыз болот. Ошондой эле, муну каалаган O!Store дүкөнүнөн жасоого болот.

 

О! колдоо кызматы WhatsApp аркылуу күнү-түнү сиздер үчүн: https://wa.me/996700000999 же Telegramда: https://t.me/+996700000999, ошондой эле социалдык тармактардагы жеке билдирүүлөрдө FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же X жеткиликтүү. 

КР МТжБМК алдындагы МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧКсы №16-0062-КР жана №16-0063-КР, 06.12.2016-ж.