Кыргызча
06 августа 2025

Акыркы жаңылыктар

O!Store мурункудан да жакын болуп калды – Бишкекте жана Чүй облусунда 5 жаңы  дүкөн ачылды

Жакын жайгашкан O!Store – убакытты үнөмдөө жана бардык санариптик мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу.

O!Store ири дүкөндөр тармагы О! абоненттеринин, O!Bank жана Saima кардарларынын ыңгайлуулугу үчүн кеңейүүнү улантууда. Эми Бишкек шаары менен Чүй облусунда сиздер күн сайын өткөн жерлердеги түйүндөрдүн саны көбөйдү.

 

Бишкек шаарында жумушка бара жатып же сейилдөөдө жүрүп, жолдон эле O!Store дүкөндөрүнө кире аласыздар – дүкөндөр эл көп топтолгон аялдамаларда ачылды:

 

  • Жибек Жолу жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде (иштөө графиги: саат 09:00дөн 21:00гө чейин, тыныгуу саат 13:00дөн 14:00гө чейин);

  • Жибек Жолу жана Эркиндик бульварынын кесилишинде (иштөө графиги: саат 09:00дөн 21:00гө чейин, тыныгуу саат 13:00дөн 14:00гө чейин).

  • Курманжан Датка көчөсүндө (иштөө графиги: саат 09:00дөн 21:00гө чейин, тыныгуу саат 13:00дөн 14:00гө чейин).

 

Чүй облусунда жаңы филиалдар төмөнкү даректерде ачылды:

 

  • Новопавловка айылындагы «Заря» базарында Фрунзе көч., 287ж дарегинде. Дүкөн дем алышсыз жана тыныгуусуз саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт;

  • Кара-Балтадагы дүкөн жаңы дарекке көчтү:  Жайыл Баатыр көч., 122/5. Бул жерден сиздерди дем алышсыз жана тыныгуусуз саат 08:00дөн 19:00гө чейин күтөбүз.

 

Бүгүнкү күндө O!Store – бул жөн эле дүкөн эмес, санариптик чечимдердин толук кандуу борбору. Бизден төмөнкүдөй кызматтарды ала аласыздар:

 

  • О! байланышы менен интернетин кошуу;

  • смартфон, вингл, роутер, колонка, пауэрбанк, кулакчын, «Акылдуу үй» үчүн түзүлүштөрдү, каптар менен башка аксессуарларды тандоо;

  • Saima үйдөгү интернетин кошууга өтүнмө калтыруу;

  • кешбэктүү O!Bank картасын акысыз алуу;

  • салымдар, кредиттер жана бөлүп төлөө боюнча консультация алуу;

  • товарларды ашык төлөмсүз бөлүп төлөөгө алуу.

 

Мындан тышкары, түзүлүштөр менен кызматтарга акциялар, арзандатуулар жана пайдалуу сунуштар ар дайым бар. O!Store текчелериндеги смартфондордун баарынын IMEI коддору расмий каттоодон өткөн. Демек, түзүлүштөр Кыргызстандын түйүндөрүндө эч кандай маселесиз туруктуу иштейт. 

 

Жакынкы дүкөндү табуу оңой эле – ostore.kg сайтына кирип, өзүңөр үчүн ыңгайлуу даректи тандаңыздар.

 

Жакын жайгашкан O!Store – убакытты үнөмдөө жана бардык санариптик мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу.

 

«О!Банк» ААК. КРУБ 17.09.2024-ж. №044 лицензиясы.  КРУБ 03.08.2017-ж. №2021030817 жана №3022030817 лицензияларынын ээси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК «О!Банк» ААКтын агенти болуу менен,  өтүнмөлөрдү O!Store дүкөндөрүнөн кабыл алат.

 

КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. № 16-0062-КР, 16-0063-КР лицензиялары. Кененирээк: o.kg