Акыркы жаңылыктар
Бүгүн, 3-мартта О! мобилдик оператору 16 жашын белгилеп жатат. Компания 2009-жылы түзүлгөн.
Эң кызыктуусу, 2025-жылы О! жөн гана байланыш оператору менен интернет провайдери бойдон калбастан, бүтүндөй «О! ааламына» айланды:
О! жана Saima абонентинин жеке кабинети;
O!Bank мобилдик банкинги;
O!Market маркетплейси;
арзан учак билеттерин сатып алуу боюнча O!Travel сервиси жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөр.
Кыргызстандын жылдыздары менен сүйүктүү инсандары О! операторун тандашат. Биз эксперимент жүргүзүп, бренддин досторунан алардын «Мой О!» тиркемеси менен өткөргөн бир күнү тууралуу айтып берүүлөрүн өтүндүк. Маалыматты сиздер менен бөлүшөбүз.
Эмилдин күнү кофе менен башталат
Тасмалардын, сериалдардын, шоулардын белгилүү актёру жана миллиондогон катталуучулары бар блогер Эмил Эсеналиев күн сайын эртең менен капчыгын жана накталай акча албай эле жанындагы кофейняга барат. Баарын «Мой О!» тиркемесинин жардамы менен төлөйт. Дагы Эмил «О!Бонус» лоялдуулук программасы аркылуу ар бир сатып алуу үчүн бонустарды алат.
«Күнүмдү жакшы көргөн кофемден жана сүйүктүү операторумду 16 жашка чыгышы менен куттуктоодон баштайм! Баарыңыздардын күнүңүздөр берекелүү өтсүн!» – деп Эмил жалпы кыргызстандыктарга салам жолдоду.
Түштө Азамат азык-түлүктөрдүн келишин күтүп жатат
Элдин сүймөнчүгү, юмористтик долбоорлордун жана кинофильмдердин жылдызы жакында эле үйлөндү, андыктан жаш үй-бүлө үчүн жума сайын азык-түлүктөрдү сатып алуу милдетке айланды.
«Биз дал ушул учурда О!Маркеттен азык-түлүктөрдүн акысыз жеткирилишин күтүп жатабыз. Бир топ убактыбызды үнөмдөй алабыз, тизме даярдап алып дүкөнгө баруунун зарылдыгы жок. Керектүүнүн баары үйгө өздөрү эле келип калат. Ошка, рахмат!» – дейт Азамат.
Назгүлдүн үй-бүлөлүк түйшүктөрү
«Резидент ТНТ Music» долбоорундагы жеңиши менен көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган ырчы жана бир катар ырлардын автору Назгүл Токтакунова, өзүнүн үй-бүлөсүнө кам көрүүдө «Мой О!» тиркемеси кандайча жардам бергенин айтып берди:
«О! үй-бүлөлүк тарифи боюнча эсепти толуктоо убактысы келип калды, ата-энелерибиз биз менен ар дайым байланышта, мындан тышкары, жөн эле кабатыр болбош үчүн алардын каякта экенин карап тура алам», – деп бөлүштү Назгүл.
Нурсултан, адаттагыдай эле тоодо