Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору Intern Labs окуу программасынын алкагында маалыматтык коопсуздук боюнча учурда иштеп жаткан эксперттер менен биргелешип иштеп чыккан Cyber Security 1.0 акысыз стажировкасына кабыл алуу жарыялады. Программа үч айга эсептелген (июнь – август) жана анын алкагында жумасына эки жолу – шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 16:00дөн 18:00гө чейин практикалык сабактар өткөрүлөт.
Тандоо этабы 12-майдан 25-майга чейин өтөт. Стажировка 2025-жылдын 6-июнунда башталат. Өтүнмөнү долбоордун internlabs.o.kg сайтынан берсе болот.
Маалыматтык коопсуздук – IT тармагында өтө тез өнүгүп келе жаткан багыттардын бири. Бир гана Кыргызстанда эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө адистерге суроо-талап жогору. Компаниялар теорияны гана билбестен, билимдерин практика жүзүндө дагы колдоно билген кесипкөйлөрдү издешет. Ал эми Intern Labs Cyber Security 1.0 дал ушул шарттарды камсыздайт.
Катышуучуларды киберкоопсуздуктун негизги темалары: операциялык тутумдарды жана түйүндөрдү коргоо, чабуулдардын анализи, санариптик криминалистика жана инциденттерге реакция кылуу боюнча интенсивдүү окуу күтөт. Программа маалыматтык коопсуздук жана SOC-аналитика чөйрөсүндө талап кылынган прикладдык көндүмдөргө ээ кылууга багытталган:
· Операциялык тутумдарды коргоо: коопсуздук механизмдери кандайча иштейт жана кандай начардыктар келип чыгышы мүмкүн.
· Түйүндүк коопсуздук: түйүндөрдүн негиздери жана аларды чабуулдардан коргоо ыкмалары.
· Азыркы учурда корпоративдик түйүндөргө жасалган чабуулдар: классификация, иш-аракеттердин логикасы.
· Санариптик криминалистика: санариптик издерди аныктап чыгуунун жана ниети бузук кишилердин аракеттерин анализдөөнүн жолдору
· Инциденттерге реакция кылуу: чабуул жасалган учурда эмне кылуу керек жана анын кесепеттерин кантип жоюуга болот.
Ар бир тема практикалык тапшырмаларды жана өз алдынча иштерди камтыйт, бул ээ болгон билимдерди чыныгы кейстерге колдонуу мүмкүндүгүн берет.
Долбоор Кыргызстандын санариптик гиганты – О! компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылып жатат. Буга чейин Intern Labs алкагында Java Backend жана QA Automation боюнча сегиз стажировка ийгиликтүү ишке ашырылып, программаны 200дөн ашуун жаш адис бүтүрүп чыккан. Алардын көбү учурда О! компаниясында, банктарда, ИТ-компанияларда жана мамлекеттик түзүмдөрдө эмгектенип жатышат.
Intern Labs Cyber Security 1.0.
Бул жөн гана окуу эмес. Бул – келечекке карай кадам.
Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба – internlabs.o.kg
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары
Кыргызстанда 7 май – Байланыш күнү: О! командасынын атынан куттуктоо
О! МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУ МААЛЫМДАЙТ
Жетишпеген – смартфонсуз калды! О!Store дүкөндөрүндө сатып түгөтүү аягына чыгып жатат
Май айындагы каникулду чет өлкөдөн өткөрүңүз: О! интернет-роуминги менен байланышта болуңуз
Май майрамдарына чейин кошконго жетишип калыңыз: үй-бүлөңүз ар дайым байланышта жана көптөгөн көңүл ачуулар бар!
Бардык жаңылыктар