Акыркы жаңылыктар
7-майда Кыргызстан, башка советтик өлкөлөр сыяктуу эле, радионун түптөлгөн күнүн белгилейт – 1895-жылы дал ушул күнү Александр Попов алгачкы радиоприёмникти чыгарган.
Майрамды бардык байланыш тармактарынын кызматкерлери белгилешет – бул кызматкерлердин талыкпаган эмгегинин натыйжасында биз бир эле басуу менен жакындарыбызга чалабыз, интернетке киребиз, бизнес жүргүзөбүз жана жаңылыктардан убагында кабардар болуп турабыз.
О! командасы бул күндү адаттагыдай эле жумуш орундарынан өткөрөт: камтууну кеңейтүү, түйүндү күчөтүү, жаңы технологияларды киргизүү багытында иштер аткарылат. Анткени байланыш – бул ишенимдүүлүк жана калкка аба-ырайынын бардык шарттарында 24/7 кызмат кылуу.
Бүгүнкү күндө О! түйүнүнүн 4G LTE камтуусу Кыргызстан калкынын 99,8%на жеткиликтүү болуп калганы – биз үчүн чоң сыймык. Демек, сиздер кайда жүрсөңүздөр да, жакын адамдарыңыздар жана маанилүү кишилер менен ар дайым байланышта болуп турасыздар.
Тармак боюнча жалпы кесиптештерибизди, өнөктөштөрүбүздү жана албетте, сүйүктүү абоненттерибизди Байланыш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Майрамыңыздар менен!
Сиздердин О! командаңыздар
О! Мобилдик оператору маалымдайт
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Эс алыңыз, көрүңүз, баарлашыңыз – «Переходи на О! Комбо» жана трафикти унутуңуз
Карта менен төлө – байланыш жана интернет менен бекер колдон
Алдыңкы клубдар, катуу матчтар, ысык оюн талаасы – O!TV'да FIFA Дүйнөлүк Клубдук кубогу
Бардык жаңылыктар