Кыргызча
11 октября 2023

Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик оператору өлкө боюнча түйүндү жакшыртуу багытында пландуу иштерди жүргүздү

О! Мобилдик оператору өлкө боюнча түйүндү жакшыртуу багытында пландуу иштерди жүргүздү

Эми смартфонунда 4G LTE түйүнүнүн ылдамдыгынын жогорулаганын 3 миллиондон ашык жашоочусу байкай алмакчы

4G/3G/2G камтуусу жана сыйымдуулугу жагынан Кыргызстандын лидери – О! Мобилдик оператору өлкө боюнча 200дөн ашуун телеком-инфраструктурасында түйүндөрдү масштабдуу жаңылоо иш-аракетин ийгиликтүү аткарды.

Төө-Ашууда, «Каракол» тоо-лыжа базасынын аймагында, Жалал-Абад областындагы Бозымчак кенинде түйүндүн сигналы жана өткөрүү жөндөмдүүлүгү жакшыртылды. Эми смартфонунда 4G LTE түйүнүнүн ылдамдыгынын жогорулаганын жана туруктуу иштөөсүн алыскы айылдарды кошкондо, кийинки аймактардын 3 миллиондон ашык жашоочусу дагы байкай алмакчы:

  • Чүй областы: Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Кант, Кемин шаарлары, «Акыл-Ордо», «Ак-Бата» конуштары, Таш-Дөбө, Төмөнкү Ала-Арча, Новониколаевка, Степное, Алексеевка, Панфиловское, Новопавловка, Ленинское, Көк-Жар, Нижневосточное, Васильевка, Кызыл-Бирлик айылдары, Восход, Эриктүү, Айдарбек, Ак-Башат, Кара-Суу, Сары-Булак, Төш-Булак, Жон-Арык, Чолок-Арык, Кум-Арык, Калдык, Тегирменти, Беш-Терек, Беш-Өрүк, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок, Первомайское, Новопокровка, Ден-Арык, Петровка, Чалдыбар, Кош-Коргон, Рот-Фронт, Узун-Булак, Советское, Жээк, Гагарин ат., Аң-Арык, Шабдан, Ак-Түз, Сары-Жон, Киргшелк, Северное, Садовое, Ак-Кашат, Сын-Таш, Өтөгөн (Бириккен), Моңолдор, Сосновка, Чоң-Арык, Комсомольское, Кайырма, Александровка, Дача СУ, Военно-Антоновка, Чон-Даалы, Калыгул, Жаңы-Пахта, Бөксө-Жол, Бекитай, Мураке, Военно-Антоновка, Учкун, Панфилов ат., Ичке-Суу, Ак-Жол, Лебединовка, Мирное, Айдарбек, Алтын, Чорголу дачалары;

  • Ысык-Көл областы: Каракол, Балыкчы шаарлары, Григорьевка, Бостери, Ботокан, Каракол, Жон-Булак, Кызыл-Суу, Сүттүү-Булак, Токтоян, Кара-Ой, Көк-Дөбө, Тегизчил, Ак-Чий, Богатыровка, Желе-Дөбө, Ырдык, Көл-Төр, Жер-Үй, Бөкөнбаев, Көк-Мойнок, Туура-Суу, Фрунзе, Көөчү, Арчалы, Ак-Сай, Сары-Телегей, Сары-Тологой, Тоң айылдары;

  • Нарын областы: Тегерек, Коңорчок, Бирлик, Өзгөрүш, Байзак, Кочкор, Таш-Башат, Чолпон, Дөбөлүү, Ак-Булуң, Кызыл-Эмгек, Базар-Турук, Ак-Татыр, Чукур-Аксеки, Лама айылдары;

  • Талас областы: Ак-Дөбө, Ак-Жар айылдары;

  • Жалал-Абад областы: Жалал-Абад, Кара-Көл, Токтогул, Базар-Коргон шаарлары, Шамалды-Сай жана Кызыл-Жар шаарчалары, Сары-Кашка, Жаңгак, Таш-Жар, Коргон-Дөбө, Жаңы-Шаар, Чкалов ат., Кара-Ой, Мазар-Суу, Дөмөр, Атай, Карл Маркс ат., Кара-Суу, Каныш-Кыя, Терек-Сай, Тегене, Арсланбоб, Сай, Кашка-Терек, Чаар-Таш, Шекафтар, Падек, Жалгыз-Өрүк, Кызыл-Ай, Жети-Кошкон, Аркалык, Коминтерн, Талаа-Булак, Чарба, Топ-Жаңгак (Таш-Арык), Райкомол, Катар-Жаңгак, Көк-Алма, Миң-Өрүк, Жай-Терек, Көтөрмө, Согот, Ала-Бука, Сапалак, Бел-Терек, Достук, Курулуш, Бостон, Кызыл-Багыш, Такталык айылдары;

  • Ош областы: Ош шаары, Терек, Таргалак, Осоавиахим, Миязды, Аю-Тапан, Куу-Майдан, Коо-Чаты, Чычырканак, Күйөташ, Дароот-Коргон, Кара-Шыбак, Шерали, Кара-Дыйкан, Араван, Аччи, Тээке, Көк-Бел, Жар-Коргон, Ак-Шор айылдары;

  • Баткен областы: Сүлүктү, Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары, Сай-Оозу (б.Кызыл-Булак), Чарбак, Курулуш, Кек-Тал, Кара-Булак, Чапаев ат., Ай-Көл (Сары-Дөбө), Разъезд, Тажик-Кыштак, Какыр, Үч-Коргон, Миң-Булак, Бежей, Ак-Татыр, Тунук-Суу, Боз-Адыр, Тогуз-Булак, Советское, Өрүкзар, Арпа-Сай, Сары-Алтын, Сырт, Чет-Кызыл айылдары.

О! Мобилдик оператору – 4G/3G/2G камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча өлкө калкынын 99%дан көбүн камтыган лидери. Камтуу картасы менен o.kg сайтынан таанышып чыгыңыз.

Ыңгайлуу тарифти тандаш үчүн o.kg сайтына баш багыңыз. Бул жерден атайы сунуштарды: О! түйүнүндө акысыз байланыш менен үнөмдүү топтомдордон тарта мобилдик ТВ жана кинотеатрлар менен чексиздикке чейин, пайдалуу үй-бүлөлүк топтомдорду, ошондой эле роутерлер, модемдер жана акылдуу түзүлүштөр үчүн варианттарды табууга болот.

Колдоо кызматына күн-түн дебей WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot, o.kg сайтынан онлайн-чат аркылуу, ошондой эле  FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлөр менен кайрыла аласыз.

О! Мобилдик оператору – сиздин смартфонуңузга арналган түйүн.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.