Акыркы жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык 2016-жылдын 1-февралында О! мобилдик оператору компания менен келишим түзбөгөн бардык абоненттерге байланыш кызматын өчүрөт.
О! мобилдик оператору жакын арада каалаган сатуу жана тейлөө борборунан SIM-карталарыңызды өздүктүгүн ырастаган документ менен (паспорт, айдоочулук күбөлүк, аскердик белет же пенсиялык күбөлүк) келип тезинен каттатышыңыз керек экендигин эске салат. 16 жашка чыга электердин номерлерин жакындары же туугандары каттатышат. Чет мамлекеттик жарандар кыргызстандыктар өткөн шарттарда эле өтүшөт.
«Катталбаган абоненттерди уюлдук байланыштан өчүрүүгө болгону 3 күн калды. Жума аягына чейин абоненттер өз номерлерин каттоодон өткөрүп, операторлор менен келишим түзө алышат. Персонифицикацияланган абонент өзүн мобилдик алдамчылыктан коргоп, чалуулардын учурун алып, жоголгондо SIM-картаны блокко салып же тезинен калыбына келтире алат. Номерди персонификациялоо мөөнөтү эми мындан ары узартылбайт», - деп О! мобилдик операторунун юридикалык кызматынын жетекчиси Руслан Оңолбеков белгиледи.
Номерди каттоо жол-жобосу акысыз. Персонификациялоо үчүн төлөм талап кылынса, анда алдамчылар иштеп жатат. Сак болуңуз!
Керектүү маалымат жана каттоодон өтө турган жерлердин даректери менен расмий сайтта www.o.kg
О! мобилдик оператору каттоо жол-жобосунан дароо азыр өтүүнү сунуш кылат!

O!Store'дон жаңы iPhone сатып алып, AirPods 4 белегин алууга шашылыңыз – 3 күн гана калды

О! менен үнөмдөңүз: үй интернети, ТВ жана чексиз интернети бар үч номери – 1300 сомго

Белекке сыналгыбы же Magic V3? O!Store дүкөндөрүндөгү HONOR акциясы кызуу жүрүп жатат

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет
Бардык жаңылыктар