Акыркы жаңылыктар

Бир орунга 30 адам талапкер болгон стажировканы элестетиңиз. Эки ай бою сиз компаниянын реалдуу бизнес-тапшырмаларын чечип, чоң маалыматтар (Big Data) менен иштеп, күн сайын өз гипотезаларыңызды насаатчылар менен бирге талкуулайсыз. Ооба, буга сиз төлөбөйсүз, тескерисинче, сизге төлөшөт: ай сайын стипендия 15 000 сомду түзөт.
Кеп О! Мобилдик операторунун Data Science жана Data Engineering багыттары боюнча акы төлөнүүчү DataCamp O! программасы жөнүндө болуп жатат. Компаниянын маалыматтар командасы күн сайын петабайттарга эсептелген маалыматтарды иштеп чыгат. Алар 15 жылдан ашык убакыттан бери билим берүү тажрыйбасын өнүктүрүп келе жатышат, бирок мурда бул кызматкерлер үчүн гана жеткиликтүү болчу. Бул тажрыйба биринчи жолу O! DataCamp студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн ачылды.
Компания жылына эки жолу 10-15 стажерду тандап алат. Кезектеги кабыл алуу жакында — ноябрь айында башталмакчы. Алардын арасында болуш үчүн эмне керек?
Бир эле Python аздык кылат
Формалдык талаптар жөнөкөй: STEM-адистиктеринин диплому же акыркы курс студенттери, каалаган программалоонун тилин билүү жана B2 деңгээлиндеги англис тили. Бирок эң негизгиси — ой жүгүртүү.
Маектешүүдө кураторлор резюмедеги технологиялардын тизмесине караганда, талапкердин маселеге кандай мамиле жасаганына көбүрөөк көңүл бурушат. Адам түшүнүксүз шарттарда тактоочу суроолорду бере алабы, татаал көйгөйдү бөлүктөргө бөлө билеби жана өз тыянактарын негиздеп бере алабы — мунун баары маанилүү. Ошондой эле аягына чейин жеткирилген окуу же жеке долбоорлор, хакатондорго жана олимпиадаларга катышуу чоң артыкчылык болот.
15 000 сом жана теориянын ордуна реалдуу тапшырмалар
Жумасына 30 сааттык жүктөм менен стажерлор айына 15 000 сом стипендия алышат. Бул дээрлик толук кандуу жумуш графиги жана компания муну атайын тандаган катышуучуларга жөнөкөй курстун угуучулары катары эмес, келечектеги кесиптештери катары карашат.
Программанын башкы баалуулугу — O! компаниясынын практикалык тапшырмалары:
• Data Engineering: стажерлор ондогон системалардагы чийки маалыматтар бизнес-чечимдерди кабыл алуу үчүн түшүнүктүү отчетторго айланган жолду түзүшөт. SQL менен иштеп, Tableau'до көрсөтмөлүү дашборддорду курушат.
• Data Science: катышуучулар жашыруун мыйзам ченемдүүлүктөрдү таап, алгоритмдерди жаратышат. Өткөнкү топто стажерлор компьютердик көрүү моделин толуктап чыгышкан — алардын чечими компаниянын иштеп жаткан алгоритмине караганда так натыйжаны көрсөткөн. Натыйжада стажерлордун иштеп чыгуусу реалдуу жумушка кабыл алынды.
Ар бир багытка O! компаниясынын иштеп жаткан маалыматтар командасынан кураторлор бекитилген. Алар катышуучуларды биринчи күндөн тартып долбоорду коргоого чейин коштоп жүрөт жана кошумча тармактардагы эксперттер менен жолугушууларды уюштурушат. Ал жерде коддун майда-чүйдөсүнөн тартып карьера курууга чейин каалаган суроону берүүгө болот.
Андан кийин эмне болот?
Программа багыттын жетекчилеринин алдында долбоорлорду коргоо менен аяктайт. Катышуучулар үчүн бул өздөрүнүн чечимдерин компаниянын лидерлерине көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болсо, жетекчилер үчүн даяр адисти байкап, дароо штатка чакырууга чоң кадам. Бул жөн гана кооз сөздөр эмес: акыркы кабыл алуунун 8 бүтүрүүчүсүнүн ичинен үчөө түз эле команданын штатына кирди, ал эми калгандары жаңы вакансиялар ачылганда артыкчылыкка ээ болушту. Программанын тарыхында кесиби боюнча 80%дан ашык бүтүрүүчүлөр ийгиликтүү жумушка орношушат.
Кийинки кабыл алууга кантип кирсе болот?
Кийинки кабыл алуунун башталышы ноябрь айына пландаштырылган. Өтүнмө берүү шилтемеси жана толук шарттар O!DataCamp телеграм-каналында чыгат: https://t.me/nurtelecom_data. Документтерди кабыл алуу узакка созулбайт, андыктан биринчилерден болуп өтүнмө берүү үчүн алдын ала жазылып алганыңыз оң.
«НУР Телеком» ЖЧКсы. КР МТБМК караштуу МБАнын лицензиялары: №16-0062-КР 06.12.2016, №16-0063-КР 06.12.2016. Толук маалымат o.kg сайтында.

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады

Шакиранын концертине билеттер: O!Bank аркылуу бөлүп төлөңүз же «Мой O!» менен 5% кешбэк алыңыз!
Бардык жаңылыктар