Акыркы жаңылыктар
Сиз сериал эң кызыктуу жерден токтоп калгандыктан интернетти узартуу же маанилүү иш боюнча чалуу керек болуп, бирок балансыңызда каражат жетишсиз, дал ошол учурда капчыгыңыз башка сумкаңызда калып, аны издегенге да убакыт тар болуп чыккан учурларга туш болдуңуз беле?
Эми О! абоненттеринде эң сонун фишка бар – «Мой О!» тиркемесинен балансты бир эле учурда сом менен да, бонустар менен да толуктаса болот. Бир бөлүгүн карта менен, калганын бонустар менен төлөө мүмкүн.
Жөнөкөй бир мисал келтирели: картаңызда болгону 150 сом бар, ал эми тарифиңиздин баасы 200 сом дейли. Мурда күтүп, жетишпеген сумманы издеп табыш керек болмок. Эми болсо, «Мой О!» тиркемесинен 50 бонус кошуп, төлөмдү ишке ашыра аласыз. Интернет кайрадан иштей баштайт, сериал көрүүнү улантасыз жана каалаган адамыңызга чалып байланыша аласыз.
Бул кандай иштейт
«Мой О!» тиркемесине → «Менин байланышым» бөлүмүнө киресиз.
«Баланс» → «Толуктоо» баскычын басасыз
Сумманы көрсөтүп, бонустарды кошосуз да, тастыктайсыз – баары даяр!
Тез, ыңгайлуу жана суперпайдалуу – айрыкча, О! байланышын дайыма колдонсоңуз жана «Мой О!» тиркемесинен QR аркылуу төлөмдөрдү аткарсаңыз, бонустар тез эле чогулуп калат.
Эгер буга чейин биле элек болсоңуз, анда «Мой О!» – бул жөн эле тиркеме эмес, өз ичине O!Bank мобилдик банкингин; O!Market маркетплейсин; Saima абонентинин жеке кабинетин; арзан учак билеттерин табууга мүмкүн болгон O!Travel сервисин жана албетте, О! абонентинин жеке кабинетин камтыган бүтүндөй бир суперапп экенин айта кетмекчибиз.
Маанилүү: Эгер сиз О! абоненти болбосоңуз да, тиркеме баары бир жеткиликтүү болот. Андыктан, дагы деле «Мой О!» орното элек болсоңуз – көчүрүү же жаңылоо жана О!Бонустарды топтой башташ үчүн эң ыңгайлуу учур. Тиркемени Google Play же App Store аркылуу таба аласыз.
Эсиңизден чыгарбаңыз: байланыш үчүн ар бир төлөм, O!Bank картасы менен аткарылган төлөмдөр жана «Мой О!» аркылуу QR-сатып алуулар үчүн О!Бонустар берилет. Аларды мобилдик байланышка же өнөктөштөрдүн товарлары менен кызматтарын төлөөгө жумшай аласыз. Толук шарттар менен o.kg сайтынан таанышып чыксаңыз болот.
***
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.
«О!Деньги» сервиси менен бонустук процессинг «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лицензиялары.
«О!Банк» ААК. КР УБ 17.09.2024-ж. № 044 лицензиясы.
O!Store дүкөнүнөн самокат сатып алганда сонун белек берилет – бөлүп төлөөгө да алса болот
Быйылкы жайда эмнелерди көрүшөт? Start онлайн-кинотеатры! Акысыз кошуп ал
О! операторунан үй-бүлөлүк тарифке -25% арзандатуу – ай сайын 500 сомдон үнөмдөңүз
Жайдын жарымы артта калды – Ысык-Көлдөн эң сонун көз ирмемдерди О! менен бирге өткөргөнгө жетишиңиз
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар