Акыркы жаңылыктар
Үй-бүлөнүн бекемдиги эмнеде? Камкордук, колдоо жана алыста болсоң да, жаныңда жүргөндөй сезим. О! мобилдик оператору жакшы көргөн адамдарыңыздын эң мыктыларга, алдыңкы катардагыларга жана чексиздикке ээ болууларын камсыздоо максатында үй-бүлө үчүн ыңгайлуу чечимди жаратты.
Жакындарыңызды «Үй-бүлө Премиум» тобуна кошуп, бири-бириңер менен ар дайым байланышта болуп тургула. Тарифти кошуп алгандар мурда ар биринин тарифин өзүнчө төлөп отуруп, эки эсе көп каражат сарптап келгендерин айтууда. Эми болсо, баарында тең чексиздик жана мунун баары бир эле номерден төлөнөт. Ашыкча тынчсыздануу жана эскертүү жок: бир жолу төлөнөт – бардыгы үчүн ыңгайлуу. Эч ким балансты толуктайм деп чуркабайт, интернети түгөнүп калды деп нааразы болбойт жана гигабайттарды эсептеп отурбайт.
«Үй-бүлө Премиум» тарифинин артыкчылыктары:
Чексиз мобилдик интернет жана байланыш: Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү чексиз интернетке, чалууларга жана SMSке, ошондой эле Кыргызстандын башка мобилдик түйүндөрүнө чалуу үчүн 100 мүнөткө ээ болот.
Saima’дан үйдөгү интернет: 500 Мбит/с чейинки ылдамдык бүтүндөй үй-бүлөгө бош убактыларын жайлуу онлайн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Баарына көңүл ачуулар: 200 дөн ашуун ТВ-канал менен беш онлайн-кинотеатрдан (Etnomedia, Start, Premier, Wink, О!Кино) ар бири көңүлүнө жаккан нерселерин көрө алат.
Бирдиктүү төлөм: Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү үчүн төлөм бир эле номерден ишке ашырылат, демек, чыгымдарды контролдоо жеңилдейт.
Буларга кошумча, контентти мыкты сапатта жана түрдүү түзүлүштөрдөн көрүш үчүн заманбап жабдууну: күчтүү гагабиттик Wi-Fi роутер менен ТВ-приставканы акысыз аласыз.
Күн сайын кечкисин сериалдарды, фильмдерди, спорттук иш-чараларды жана мультфильмдерди кайдан көрөм деп ойлонбостон жана эң башкысы - жарнамасыз көрө аласыңар.
Кыскасы, ыңгайлуу да, пайдалуу да, ошондой эле баарына жетет. Ал эми үй-бүлөлүк бюджет сизге «рахматын» айтат.
Тарифти «Мой О!» тиркемесинен кошууга жана башкарууга болот.
Баштапкы топтомго 3 номер + үйдөгү интернет кирет жана ар бирин өз-өзүнчө төлөгөнгө караганда дээрлик эки эсе арзанга түшөт: 30 күнгө болгону 1990 сом.
Зарыл болсо, «Мой О!» тиркемесинен үй-бүлөлүк топту кеңейтип, дагы кошумча номерлерди киргизсе болот. Тариф О! операторунун учурдагы жана жаңы абоненттерине жеткиликтүү. «Мой О!» тиркемесинен же O!Store дүкөндөрүнөн оңой эле кошуп алса болот. Жашаган дарегиңиз боюнча Saima интернетинин жеткиликтүүлүгүн дагы түз эле тиркемеден текшере аласыз. Толук маалымат family.o.kg сайтында.
КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР, №16-0063-КР лицензиялары.
КР МБТМК караштуу МБА 24.11.2003-ж. № 03-292-КР лицензиясы.
Телефонуңуздун балансын «Мой О!» аркылуу сом менен да, бонустар менен да толуктаңыз
О!Store’до болуп көрбөгөндөй сатып түгөтүү – смартфондорго 40%га чейин арзандатуу
O!Store туулган күнүнүн урматына супер белектерди тартуулайт!
Жазгы жаңылануу: Кыргызстан боюнча О! түйүнүнүн кубаты өсүүдө
Тамыр жайган байланыш – О! командасынан дагы бир жашыл парк
Бардык жаңылыктар