Сенин нөлүң MAX 4 жума

Сенин нөлүң MAX 4 жума


Эркин баарлашууга умтулгандар үчүн!
  • Күн сайын максималдуу ылдамдыктагы 200 МБ
  • КРнын башка мобилдик түйүндѳрүнѳ чалуу үчүн 150 мүнөт
  • О! түйүнүндѳ акысыз чалуулар жана SMS
4 жумага абоненттик төлөм:
360 сом
Кошуу буйрутмасы:
15598#

Баасы жана тарифтөө
4 жумага абоненттик төлөм
360 сом
Максималдуу ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү Суткасына 200 МБ
О! түйүнүндө чалуулар жана SMS Акысыз
Башка түйүндөргө акысыз чалуулар* 150 мүнөт
КРнын дайындуу байланыш номерлерине чалуулар** 4,99 сом/мүн.
“Мобилдик айлык акы" кызматынын алкагындагы тарифтин шарттарына ылайык, КР башка мобилдик операторлорунун абоненттеринен кирүүчү ар бир мүнөт үчүн БОНУС*** 1 сом

КР башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS*

1,50 сом

Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүн жана акысыз мүнөттөрдүн топтомунун көлөмүн текшерүү үчүн буйрутма *728*9#

Чалуулардын тарифтөө кадамы - 10 секунда. Интернет кызматынын тарифтөө кадамы 100 Кб.

  • Тарифтин чегинде максималдуу ылдамдыктагы күнүмдүк интернет-топтомдон ашып кеткен учурда интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
  • «Сенин нөлүң MAX 4 жума» тарифинин абоненттери 200 МБ жана 500 МБ өлчөмүндө «Турбокнопкаларды» кошо алышат, алар учурдагы сутканын 23:59:59га чейин максималдуу ылдамдыктагы кошумча интернет-трафикти колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Турбокнопкаларды «Жеке кабинетте», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы аркылуу кошууга болот:

  • - «Турбокнопка 200 МБ» – *735*200# (Кошуу баасы 10 сом)
    - «Турбокнопка 500 МБ» – *735*500# (Кошуу баасы 20 сом).

  • «Сенин нөлүң MAX 4 жума» тарифинин мөөнөтү тарифке кошулган учурдан тартып ар 4 жума сайын (28 күн) автоматтык түрдө улантылып турат.
  • Тариф тууралуу кененирээк:
    • «Сенин нѳлүӊ MAX 4 жума» тарифи эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү;
    • КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3-секундага чейин – 0 сом;
    • Бардык кирүүчү чалуулар акысыз. КР дайындуу байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалууларда сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 4,99 сом;
    • Байланыш кызматтарынын акылуу кызматтарын өчүрүү босогосу тарифтештирүүнүн мимнималдуу бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет;
    • «Сенин нѳлүӊ MAX 4 жума» тарифине кошулууда «Үн почтасы» кызматы автоматтык түрдө кошулат;
    • Жаңы SIM-картаны активдештиргенде, которулганда же «Сенин нѳлүӊ MAX 4 жума» тарифтик план үчүн абоненттик төлөм алынганда, бир гана жолу «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда (акы төлөө менен) көрсөтүлө баштайт;
    • «Сенин нѳлүӊ MAX 4 жума» тарифтик планынын абоненттери номерди тандап алып, аны «Менин жаӊы номерим» кызматынын шарттары боюнча алмаштыра алат;
    • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү;
    • «Сенин нөлүң MAX 4 жума» тарифтик план менен SIM-картаны активдештирүүдө же «Сенин нөлүң MAX 4 жума» тарифтик планына өтүүдө, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен төмөн баада эл аралык чалууларды жасоого болот;
    • «Сенин нөлүң MAX 4 жума» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алмаштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында «Сенин нөлүң MAX 4 жума» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт;
    • Эгер «Сенин нөлүң MAX 4 жума» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү автоматтык түрдө алуу учурунда абоненттин балансында абоненттик толөмдү алууга жеткиликтүү сумма жок болсо, баланстагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, жетишсиз сумма баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонууну улантуу жана интернетке кирүү үчүн абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек;
    • Эгер сизде «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп, жана жумалык абоненттик тѳлѳмдү алуу учурунда балансыӊыздагы каражат 360 сомдон аз болсо, анда аталган кызматтар жеткиликтүү болбой калат. Кызмат боюнча абоненттик тѳлѳмдү кошулган кызматтын шарттарына ылайык алуу улантылат. Бул кызматтарды каалаган убакта конкреттүү кызматты кѳрсѳтүү эрежелерине ылайык ѳчүрүп койсо болот;
    • «Сенин нөлүң MAX 4 жума» тарифинин алкагында «5+5», «Сенин нѳлүӊ күн сайын!», «Сенин чексиздигиӊ», «Сени нѳлүӊ!» (7 күн), «Сенин нѳлүӊ белекке!», «Сенин нѳлүӊ 3,6,12!», «Түнкү чексиздик+» кызматтарын кошуу мүмкүн эмес;
    • Абоненттик төлөмдүн жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү.
    • *КР мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (Megacom СМ), «Скай Мобайл» ЖЧКсынын (Beeline СМ), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын (SALAM СМ) номерлери кирет. Наркы алгачкы 150 мүнөт үчүн абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 28 календарлык күндүн ичинде жарамдуу. 151- мүнөттөн тартып КР башка мобилдик GSM байланыш операторлорунун номерлерине 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 1 сомду түзөт. Эгер абонент КР мобилдик операторлорунун номерлерине акысыз чалуулардын бардык 150 мүнөтүн сарптай элек болсо, кезектеги абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мүнөттөр жокко чыгарылат.

      **Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифтештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх дайындуу байланыш номерлерине чыгуучу чалуулардан тышкары; .

      **** Бул тарифке ѳткѳндѳ же бул тарифтеги SIM-картаны активдештиргенде, автоматтык түрдѳ 30 суткалык акысыз мѳѳнѳт үчүн «Мобилдик айлык акы!» кызматы кошулат. Акысыз мөөнөт бүтөрү менен (31-суткада) «Мобилдик айлык акы!» кызматы өз алдынча өчүрүлгөнгө чейин стандарттык шарттарда көрсөтүлөт.