Бирге арзан 1.1
Бирге арзан 1.1
Бүт үй-бүлѳ үчүн үй интернети, мобилдик байланыш жана O!TV!
- Трафик боюнча чектөөсүз максималдуу ылдамдыктагы үйдөгү интернет үчүн РОУТЕР!
- О! түйүнүнүн ичинде акысыз чалуулар жана SMS, өлкөнүн башка мобилдик түйүндөрүнө чалуу үчүн 10 мүнөт жана айына 30 Гигабайттан Интернет-трафик үчүн 3 SIM-карта
- «О!TV Премиум» топтому кошулган O!TV мобилдик телевидениеси! 200дѳн ашуун телеканал: балдар, спорт, жаӊылыктар жана башка кѳптѳгѳн каналдар.
Бардык O!Store дүкөнүнөн комплектти сатып алып, «Бирге арзан 1.1» тарифине кошулса болот.
Жаңы тарифке кошулуу өлкөнүн бардык облустарында жеткиликтүү!
Башкы SIM-картанын гана балансынан тѳлѳнѳт жана айына 1 эле жолу!
айына 1 790 сом.
Бардык O!Store дүкөнүнөн комплектти сатып алып, «Бирге арзан 1.1» тарифине кошулса болот.
Комплекттин баштапкы баасы 5 290 сом, анын ичинен 3 500 сом – роутердин баасы. Андан кийин 30 күнгө абоненттик төлөмдүн баасы 1 790 сомду түзөт.
Милдеттүү шарт:
«Бирге арзан 1.1» тарифи үчүн абоненттик төлөмдү 1 790 сомдон 1 жылга ай сайын* төлөөгө келишим түзүү керек.
«Бирге арзан 1.1» комплекти 4 SIM-картадан турат:
1. Башкы SIM-карта (1 даана) – SIM-картаны телефондо пайдаланыш керек. Айлык абоненттик төлөм ушул SIM-картадагы номерден алынат. Кошумча номерлерди башкаруу да ушул номерден жүргүзүлөт.
2. Роутер үчүн SIM-карта (1 даана) – Комплекттеги бул SIM-картаны роутерде Интернетке чыгуу үчүн колдонуу керек. Роутер комплекттеги SIM-карта менен гана туура иштей алат.
3. Телефондо колдонуу үчүн кошумча эки SIM-карта (2 даана). SIM-карталарды үй-бүлө мүчөлөрүнө берип койсо болот жана аларды телефондо колдонуу керек.
Топко үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша кошумча 2 SIM-картага чейин дагы кошсо болот: топто роутердеги SIM-карта менен бирге максимум 6 SIM-картага чейин кошуу каралган. "Бирге арзан 1.1" тарифине кошулган учурда базалык комплектте бөлүнгөн номерди (роутер үчүн каралган номерден башка) иштеп жаткан абоненттик номерге бир жолу акысыз алмаштырууга жол берилет, ал эми номердин улам кийинки алмаштыруусунун баасы 300 сомду түзөт. Базалык комплектке ар бир номерди кошуунун баасы 300 сом. Эгер базалык комплект орнотулган болсо, ар бир кошумча номердин баасы Абонент тарабынан өзүнчө төлөнөт. Эгер Башкы номер топко 3-кошумча номерди кошсо, анда кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 2 090 сомду түзөт, 4-кошумча номер кошулган учурда - кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 2 390 сом болот.
- Ар бир SIM карта үчүн (1 башкы, 2 кошумча) мобилдик интернеттин алгачкы 30 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;
- Роутердеги номер үчүн максималдуу ылдамдыктагы интернет 250 ГБ көлөмүндө берилет, андан ары ылдамдыгы секундасына 1 Мбит болуп белгиленет;
- Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун пайдалангандан кийин, Башкы SIM-картанын абоненти дагы, Кошумча SIM-картанын абоненттери дагы кезектеги абоненттик төлөмдү алуу учуруна чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүндүк бере турган 1 ГБ, 2 ГБ, 5 ГБ же 10ГБ «Турбокнопкаларын» кошуп алышса болот. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс, «Мой О!» мобилдик тиркемесинен же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошсо болот:
«Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);
«Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (50 сом);
«Турбокнопка 5 ГБ» – *735*5# (100 сом);
«Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (150 сом).
* 1 жыл – бул 12 төлөнгөн мөөнөт. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган жана 60 күндөн ашуун абоненттик төлөмдү төлөбөй койгон учурда айып төлөм 2 500 сомду түзөт.