Кыргызча
<p><span style="color: #f0047f">Менин Чексиздигим 90 күн</span></p>
  • internetЧексиз
2590 c / 90 күнгө

Тарифти кантип кошууу керек?
«Менин чексиздигим» тарифин Жеке кабинет, «Мой О!» мобилдик тиркемеси же О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен кошуп алса болот.

Роутерди же модемди кайдан сатып алса болот?
4G Wi-Fi Wingle же 4G Wi-Fi Роутерди бардык О! Мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринен сатып алса же ostore.kg интернет-дүкөнү аркылуу дароо азыр тапшырык кылса болот.

Камтуу аймагы:
О! түйүнүнүн кеңири камтуу аймагы менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Тариф тууралуу кененирээк:
expanded panel icon down
  • Маанилүү! SIM-карта катталбаган учурда байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгерде номер SIM-картаны тарифтик планыңызга ылайык активдештирген учурдан тартып 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүлбөсө, Сизге салыктардын бардыгын эске алуу менен күнүнө 20 сом өлчөмүндө кепилденген ээлеп коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул мөөнөт ичинде Сиз номерди каттоодон өткөрө аласыз. Өздүк эсебиңизде 20 сомдон аз сумма калса, оператор кызматты калдыктын суммасына көрсөтүүгө укуктуу. Баланста акча каражаты жок болсо, номериңиз өчөт – SIM-картаңыз деактивацияланат;

  • 90 күнгө тарифти активдештирүүнүн наркы – 2590 сом. Тарифтин мөөнөтү бүткөнгө чейин чексиз мобилдик интернет трафик боюнча чектөөсүз берилет;

  • Тариф активдештирүү учурунан баштап ар 90 күнгө автоматтык түрдө узартылат;

  • Тарифтин алкагында O!TV кызматын кошуу мүмкүн эмес;

  • «Мой О!» мобилдик тиркемеси жана Жеке кабинет аркылуу балансты текшерип, тарифти башкарса болот, ага кирүү тарифтештирилбейт жана баланстын бардык түрүнө ачык;

  • Эгер мурун «Non stop», «2ГБ», «4ГБ», «6 Гб», «Алга Интернет + O!TV», «Алга Интернет», «Үй үчүн интернет», «Чексиздик 4G + O!TV 7/ 30 күн», «30/60/90/360 күнгө пайдалуу чексиздик 4G» тарифтерине кошулган болсо, «Менин Чексиздигим 90 күн» тарифин кошуп алса болот. Мында, жогоруда көрсөтүлгөн тарифтердин шарттары өчүрүлөт, колдонулбаган интернет-трафиктин топтому жокко чыгарылат жана интернеттин тарификациясы «Менин Чексиздигим 90 күн» тарифинин шарттары боюнча жүргүзүлөт;

  • Активдештиргенден 90 күн өткөндөн кийин же тарифти кезектеги узартуу учурунда абоненттик төлөмдү алуу үчүн эсепте керектүү сумма жок болсо, анда тарифтин мөөнөтү абоненттик төлөмдү алуу үчүн жеткиликтүү суммага толукталганга чейин токтотулат, андан кийин тарифтин мөөнөтү кийинки 90 күнгө узартылат;

  • Маалыматтарды өткөрүү Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында 4G/3G/2G түйүндөрүнүн жеткиликтүү;

  • Бардык кардарларын интернет менен жайлуу камсыздоо максатында компанияда трафиктин «адилеттүү пайдалануу саясаты» (FUP - Fair Usage Policy) колдонулуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

  • Бул тариф маалыматтарды өткөрүү жана интернетке кирүү үчүн гана арналган. Добуштук байланыш, ошондой эле SMS жеткиликсиз;

  • Активдүү режим — акыркы тарифтештирилген окуяны ишке ашырган учурдан баштап 180 күн.

  • Байланыштын акылуу кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына барабар.

Бардык баалар бардык салыктарды эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.