Маанилүү! SIM-карта катталбаган учурда байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгерде номер SIM-картаны тарифтик планыңызга ылайык активдештирген учурдан тартып 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүлбөсө, Сизге салыктардын бардыгын эске алуу менен күнүнө 20 сом өлчөмүндө кепилденген ээлеп коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул мөөнөт ичинде Сиз номерди каттоодон өткөрө аласыз. Өздүк эсебиңизде 20 сомдон аз сумма калса, оператор кызматты калдыктын суммасына көрсөтүүгө укуктуу. Баланста акча каражаты жок болсо, номериңиз өчөт – SIM-картаңыз деактивацияланат;
180 күнгө тарифти активдештирүүнүн наркы – 4590 сом. Тарифтин мөөнөтү бүткөнгө чейин чексиз мобилдик интернет трафик боюнча чектөөсүз берилет;
Тариф активдештирүү учурунан баштап ар 180 күнгө автоматтык түрдө узартылат;
Тарифтин алкагында O!TV кызматын кошуу мүмкүн эмес;
«Мой О!» мобилдик тиркемеси жана Жеке кабинет аркылуу балансты текшерип, тарифти башкарса болот, ага кирүү тарифтештирилбейт жана баланстын бардык түрүнө ачык;
«Менин чексиздигим» тарифтик планы бардык алдын-ала төлөм системасынын абоненттери үчүн жеткиликтүү.
Бул тарифке кошулганда, мурда активдүү болгон пландын шарттары өчүрүлөт жана колдонулбаган интернет трафиктин топтому жана мүнөттөр жокко чыгарылат.
Активдештиргенден 180 күн өткөндөн кийин же тарифти кезектеги узартуу учурунда абоненттик төлөмдү алуу үчүн эсепте керектүү сумма жок болсо, анда тарифтин мөөнөтү абоненттик төлөмдү алуу үчүн жеткиликтүү суммага толукталганга чейин токтотулат, андан кийин тарифтин мөөнөтү кийинки 180 күнгө узартылат;
Маалыматтарды өткөрүү Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында 4G/3G/2G тармактарынүн жеткиликтүү;
Бардык кардарларын интернет менен жайлуу камсыздоо максатында компанияда трафиктин «адилеттүү пайдалануу саясаты» (FUP - Fair Usage Policy) колдонулуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп тармактын ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;
Баасы жана тарификация (КНС менен, сатуудан салыкты кошпогондо):
- O! тармагындагы чалуулар: 1.18 сом/мүн.
- Кыргызстандын бардык операторлоруна SMS: 1.5 сом/д
- КР башка мобилдик операторлоруна чалуулар*: 2.8 сом/мүн.
- КР белгиленген байланыш операторлоруна чалуулар**: 4.99 сом/мүн.
*Башка КР мобилдик операторлордун номерлерине «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom бренди), «Скай Мобайл» ЖЧК (Beeline бренди) жана «KT Мобайл» (SALAM бренди) кирет.
** «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6x-xx жана +996-312-92-7x-xx белгиленген номерлерине чыгуучу чалуулардан тышкары, алардын баасы мүнөтүнө 7,49 сом боюнча тарификацияланат.
Чалууларды тарификациялоо кадамы 10 секунда.
Активдүү режим — акыркы тарифтештирилген окуяны ишке ашырган учурдан баштап 180 күн.
Байланыштын акылуу кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына барабар.
Тарифтин баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.