Келечектин SIM-картасы – eSIM

Слайдер-в-личном-кабинете-eSIM-1040x334-кг.png

Эми eSIMди O!Store дүкөндөрүнөн кошуу акысыз. 5 мүнөт – баары даяр!

Түзүлүштөрү eSIM технологиясын камтыган абоненттер 2022-жылдын 5-октябрынан тарта инновацияны O!Store дүкөндөрүнүн баарынан кошо алышат.

eSIM – смартфонуңуз эки симкалуу болбогон учурда да, айрым iPhone моделдери сыяктуу экинчи симканы колдонуу үчүн эң сонун мүмкүндүк. Технология трекер, ноутбук жана башка «акылдуу үй» түзүлүштөрүн (сигнализациялар, датчиктер, видеокамералар, тиричилик техникасы ж.б.) колдонгондор үчүн абдан ыңгайлуу.

  • eSIM – ошол эле SIM-карта, бирок пластиги жок. Андан чалууларды аткарууга, интернетке кирүүгө болот, башкача айтканда көнгөн аракеттериңиздин баарын аткара аласыз; 

  • Иш жана жеке жашоо үчүн керектүү ар башка номерлер, аларды биринен экинчисине оңой которуу;

  • 5 мүнөттүн ичинде эле кошуп алуу!

eSIMдин башкы артыкчылыктарынын бири – коопсуздук. Смартфон уурдалган учурда аны колдоно алышпайт, себеби түзүлүшкө жаңы профиль жүктөө жана эскисин өчүрүү мүмкүндүгү виртуалдуу SIMдин ээсинде гана бар. eSIM телефондон чыкпайт, андыктан смартфон уурдалган учурда да кылмышкер аны колдоно албайт.

Өзүңүзгө О! түйүнүнөн ыңгайлуу төлөө формасы менен – жума сайын же дароо 4 жумага төлөнүүчү ыңгайлуу тарифти тандап алыңыз. Смартфондор үчүн О! түйүнүндө акысыз байланыш каралган үнөмдүү топтомдордон баштап мобилдик ТВ жана кинотеатрлары менен чексиздикке чейин атайы сунуштарды, роутерлер менен модемдер үчүн тарифтерди, пайдалуу үй-бүлөлүк топтомдорду, ошондой эле акылдуу түзүлүштөр үчүн варианттарды таба аласыз. 

eSIM деген эмне?

eSIM технологиясы (Embedded SIM – «орнотулган SIM-карта») – өндүрүш этабында түзүлүшкө орнотулуучу 6х5 мм өлчөмүндөгү кенедей микросхема болуп саналат. Ал орнотулбайт да, чыгарылбайт. Жаңы QR-кодду окуу жолу менен жаңы маалыматты жүктөө гана жетиштүү болот.

eSIM кимге керек жана анын артыкчылыгы

  • eSIM-картанын функционалын бир нече номерлери бар абоненттер толук баалай алышат – бул жаңылык эки смартфон көтөрүү муктаждыгынан арылтат. Мында абонент SIM-картанын форматы (mini, micro, nano) тууралуу кабатырланбайт;
  • Бул технология Internet of Things (Буюмдардын интернети), трекер-түзүлүштөр, ноутбуктар, ошондой эле “акылдуу үйлөрдүн” компоненттери деп аталагн (сигнализация, датчиктер, видеокамералар, үй-тиричилик техникасы ж.б.) үчүн да келечектүү.
  • Эң башкы артыкчылыктарынын бири – смартфондордун ээлери үчун коопсуздук болуп саналат – түзүлүш уурдалып кеткен учурда түзүлүштү кайрадан ишке киргизүү процесси татаалданат. Виртуалдык SIM картанын ээси гана түзүлүшкө жаңы профилди жүктөп, эски профилин өчүрө алат. Эгерде смартфонду уурдап кетишсе, кылмышкер үчүн анын баалуулугу жоголот. Телефондон eSIM-карта чыгарылбайт, андыктан түзүлүштү өз максаттарына колдонууга мүмкүн болбойт.
  • eSIM технологиясы менен иштеген түзүлүштөрдүн моделдери:

  • Apple iPhone XR, Apple iPhone XS, Apple iPhone XS Max, Apple iPhone SE`2020, Apple iPhone 11, Apple iPhone 11 Pro, Apple iPhone 11 Pro Max, Apple iPhone 12 mini, Apple iPhone 12, Apple iPhone 12 Pro, Apple iPhone 12 Pro Max, Apple iPhone 13 mini, Apple iPhone 13, Apple iPhone 13 Pro, Apple iPhone 13 Pro Max, Apple iPhone 14, Apple iPhone 14 Pro, Apple iPhone 14 Pro Max.
  • iPad 2019, iPad Air 2019, iPad mini S, iPad Pro 11/12.9.
  • Samsung Galaxy S21 Ultra, S20/S20+, S20 Ultra, Samsung Galaxy S21/S21+, Galaxy Fold, Galaxy Z Flip, Galaxy Z Fold 2, Galaxy Note 20/Note 20 Ultra.
  • Google Pixel 3/3a/3 XL/3a XL, Pixel 4/4a/4 XL, Pixel 5.
  • Motorola RAZR, RAZR 5G.
  • Huawei P40/P40 Pro, Mate 40/Mate 40 Pro, Mate Xs.
  • Microsoft Surface Duo.
  • HP Spectre Folio Lenovo Yoga 630, Gemini PDA, Xiaomi Mi Watch.
  • OPPO Find X3 Pro — первый флагман с поддержкой сети 5G на eSIM, разработанный компанией OPPO и Thales.
  • eSIM-картасын кантип колдонсо болот?

    Каалаган О! сатуу жана тейлөө кеңсесине же O!Store дүкөнүнө келип, түзүлүштүн ырастоолорунда eSIM-картаны активдештирүү үчүн уникалдуу QR-кодун алып кетүү керек. Мындай активдештирүү - акысыз! Эгерде сиздин түзүлүш eSIM-карта менен иштей турган болсо, анда сиз өзүңүздүн учурда колдонуп жаткан О! номериңизди кадимки SIM-картанын ордуна eSIM-картага алмаштырып алсаңыз болот.

    eSIM-картасын актидештирсе болот

  • Түзүлүштүн «Ырастоолоруна» кириңиз;
  • «Уюлдук байланыш» же «Мобилдик маалыматтар» бөлүмүн тандаңыз;
  • «Уюлдук тарифти кошууну» басыңыз;
  • Түзүлүшүңүздүн жардамы менен QR-кодду сканирлеңиз.
  • Муну билүү зарыл

    ! QR-кодду, pin1 жана pin2 коддорун эч кимге бергенге болбойт. eSIM-картасын калыбына келтирүү же жаңы түзүлүшкө көчүрүү үчүн сөзсүз түрдө QR-кодду сактап коюңуз.

    ! Бул технология менен иштебеген түзүлүшкө eSIM-картасын кошууга болбойт. eSIM-картаны киргизүүгө же «кошууга» болбойт, түзүлүшүңүздүн өзгөчөлүктөрүндө eSIM-картасын колдоо көрсөтүлүшү керек.

    Эгерде смартфон иштен чыккан учурда eSIM-картасы менен иштөөнү кантип улантуу керек

    Жаңы eSIM-картасын алуу керек. Түзүлүштүн ырастоолору кайрадан баштатылгандан жана eSIM-картанын профилин өчүргөндөн кийин ошол эле eSIM-картаны кайрадан колдонуу мүмкүн.

    eSIM-картасын туура кошуп алуу же калыбына келтирүү үчүн Wi-Fi же түзүлүштөгү башка SIM-картанын мобилдик маалыматтары аркылуу интернет түйүнүнө кошулуу керек.

    Мында бардык эле түзүлүштөр профилди туура өчүрө албайт, ал эми профилди бир эле убакта ар кайсы түзүлүштөрдө колдонуу мүмкүн эмес.

    eSim-картаны өз алдынча кантип калыбына келтирсе же жаңы түзүлүшкө көчүрсө болот

    Түзүлүштүн ырастоолоруна кирүү керек жана түзүлүштүн ырастоолорун толугу менен кайрадан баштатууну аткаруу керек.

    Бир eSIM-картада 10 жолуга чейин ырастоолорду толугу менен кайрадан баштатууга болот.

    Тилекке каршы, бардык эле түзүлүштөр eSIM-картаны туура калыбына келтирүүнү аткара алышпайт. Эгерде eSIM-картаны өз алдынча калыбына келтире албай, же жаңы түзүлүшкө көчүрө албай койсоңуз, анда О! Мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселерине же O!Store дүкөнүнө кайрылыңыздар.