Help кызматы
Help кызматы
Эгерде сизде роумингдеги чалуулар же интернет менен байланыштуу кыйынчылыктар пайда болсо, сиз тиешелүү сурамды маалыматтык-сурап билүү кызматына акысыз жөнөтө аласыз.
Акысыз сурамдардын түрлөрү |
Терүү буйрутмалары |
"Кирүүчү чалууларды кабыл алуудагы кыйынчылыктар" |
*135*1# |
"Кыргыз Республикасына чыгуучу чалууларды жүргүзүүдөгү кыйынчылыктар" |
*135*2# |
"Турган өлкөдө чыгуучу чалууларды жүргүзүүдөгү кыйынчылыктар" |
*135*3# |
"Интернет-роумингдин жеткиликсиздиги" |
*135*4# |
USSD-сурамдардын санынын калдыгын текшерүү |
*135*9# |
Сиздин сурам каралары менен сиз 708 номеринен сурамыңыздын чечилгендиги тууралуу SMS аласыз.
Кызматты көрсөтүүнүн шарттары:
1. Кызмат акысыз көрсөтүлөт жана роуминг-өнөктөштүн түйүнүндө катталган учурда роумингдеги бардык жеке абоненттерге жеткиликтүү.
2. Суткасына 5 сурамга чейин жөнөтсө болот.
Чалуулар, SMS менен интернетке байланыштуу көйгөйлөр пайда болгон учурда 996 700 700 WhatsApp номери аркылуу акысыз онлайн-консультация дагы жеткиликтүү.