Эгерде Сизде шашылыш чалуу же башка кызматтарды колдонуу зарылдыгы келип чыкса, ал эми балансыңызда каражат жетишсиз болсо – «Ишенимдүү төлөм» кызматынан пайдаланыңыз.
«Ишенимдүү төлөм» кызматын алган учурда, сизге дароо тарифтик планыңыздын алкагында жана тандооңузга жараша 50, 100, 150 жана 200 сомго барабар лимит шарттарында байланыш кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилет.
Кошуу буйрутмасы: *105#
«Ишенимдүү төлөм» кызматын кошуу мүмкүндүгү жана көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү сиздин активдүүлүгүңүзгө (мобилдик байланышты колдонуу, балансты толуктоолордун саны) жана түйүндө тейленген мөөнөткө жараша аныкталат;
Бир жолку аракет менен 1 эле «Ишенимдүү төлөм» кызматын алса болот. «Ишенимдүү төлөм» кызматын кайра кошуу бул кызматты төлөгөндөн жана кызматтардын лимитин жапкандан кийин гана мүмкүн;
«Ишенимдүү төлөмдү» ар кандай абалдагы баланс менен ала аласыз;
«Ишенимдүү төлөм» кызматын буйрутманы тергенден кийин дароо колдонсо болот. Мында мурда кошулган «Ишенимдүү төлөм» жана «Автотөлөм» кызматтары активдүү болбоого тийиш;
«Ишенимдүү төлөм» кызматы учурдагы тарифтик пландын алкагында көрсөтүлгөн кызматтардын баарын камтыйт;
Кошулган «Ишенимдүү төлөм» кызматы боюнча берилген лимитти «О!Деньги»* мобилдик капчыгынын алкагында колдонуу үчүн акча каражаттарына которууга болбойт;
Кызматтын мөөнөтү:
- кошулган учурдан тартып 3 күн. Эгер сиз «Ишенимдүү төлөм» кызматын кошуп алып, 3 (үч) күндүн ичинде кызматты колдонбосоңуз, анда ал жокко чыгарылат, ал эми лимит берилбейт;
- балансты жетиштүү суммага толуктаганга чейин.
Балансыңызды толуктагандан кийин сиздин эсебиңизден байланыш кызматтары үчүн өзүңүз тандаган лимиттин чегинде сумма – 50, 100, 150 же 200 сом, ошондой эле «Ишенимдүү төлөм» кызматынан пайдаланганыңыз үчүн 10, 20, 25 же 30 сом алынат. Эгерде балансыңызда акча каражаты жетишсиз болсо, биринчи кезекте лимиттин чегинде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөм, андан кийин гана кызматтын өзү үчүн төлөм алынат;
«Автотөлөм» кызматы кошулган учурда жана роумингде «Ишенимдүү төлөм» кызматын кошуу мүмкүн эмес;
Тарифтик планды төмөндө көрсөтүлгөн тарифтик пландардын бирине которгон учурда, кызмат сакталып калат;
«Ишенимдүү төлөм» кызматын Кыргыз Республикасынын жалпы аймагында алдын ала төлөм жана кийин төлөө (жеке эсеп) системаларында тейленген абоненттердин баары колдоно алышат. «Пайдалуу Чексиздик 4G 30/60/90/360 күн», «Интернет жана ТВ бир жылга», «Алга Интернет», «Интернет 40 ГБ», «Үй үчүн интернет», «Интернет+», «Алга Интернет + O!TV» тарифтеринде тейленген абоненттер кызматты колдонуу мүмкүндүгүнө ээ эмес.
Ишенимдүү төлөм (бардык салыктарды эсепке алуу менен) | Кызмат үчүн төлөм (КНС эсепке алынып, СС кошулбастан) | Кошуу |
50 сом | 10 сом | *105*25# |
100 сом | 20 сом | *105*50# |
150 сом | 25 сом | *105*75# |
200 сом | 30 сом | *105*100# |
* «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмесинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.