Дагы 60 калктуу конуштарда О! Мобилдик операторунун сыйымдуулугу менен камтуусу кеңейтилди
О! Мобилдик оператору Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жүрүп жаткан байланыш сапатын жакшыртуу жана Кыргызстандын алыс жайгашкан райондорундагы 4G LTE-түйүнүнүн камтуусун кеңейтүү боюнча долбоорун улантууда. О! операторунун техникалык адистеринин чоң командасынын аракеттеринин жардамы менен бүт өлкөнүн калкынын 95%ын түзгөн 6 миллиондон ашуун кыргызстандыктар бүгүнкү күндө мындай жогорку ылдамдыктагы заманбап технологиянын камтуусуна киргизилди.
О! Мобилдик операторунун түйүнүндө жыл өткөн сайын эки эсе көбөйүп жаткан 4G LTE стандартындагы мобилдик трафиктин өсүүсү катталган. Бул тенденцияны эске алуу менен жогорку ылдамдыктагы 4G LTE мобилдик интернеттин камтуусунун кеңейишин камсыз кыла турган, ошондой эле төмөндөгү шаар менен калктуу пункттарда сигналдын сапатын күчөтө турган жаңы базалык станциялар курула баштады:
-
Жалал-Абад облусу: Кара-Көл шаарында, ошондой эле Торкент, Сары-Талаа, Куйбышев атындагы (Бала-Чычкан), Арал, Жаңы-Жол, Айры-Там, Жаңы-Шаар, Жар-Таш, Бууракан, Кызыл-Өзгөрүш, Чеч-Дөбө, Сумсар, Массы айылдарында;
-
Ош облусу: Ош, Өзгөн шаарларында, Сары-Таш, Нариман, Кош-Коргон, Кызыл-Дыйкан, Какыр, Ак-Кыя, Сары-Таш, Тогуз Булак, Кызыл-Ой, Первое Мая, Ылай-Талаа, Сай, Ак-Кыя, Кара-Кулжа, Кара-Кочкор, Каратай, Кара-Эчки, Кызыл-Ордо, Түз-Бел, Үчкаптал, Ак-Терек, Аюу, Тосой, Кайрат, Заргер, Ак-Жар, Какыр айылдарында;
-
Баткен облусу: Айдаркен, Исфана шаарларында, Халмион, Орозбеков, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак, Марказ, Кулду, Жаңы-Айыл, Самаркандык, Жаңы-Бак, Коргон, Патан, Чарбай-Сай, Кара-Суу, Катран, Ак-Арык, Маданият айылдарында.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
О! – Кыргызстандагы 4G LTE-түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидер. Кыргызстандын калкынын 95%ы О! операторунун 4G түйүнүнүн камтуусуна кирет.
О! түйүнүнүн камтуу картасы www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүндө жеткиликтүү.