О! Мобилдик операторунун Ысык-Көлдөгү түйүнү эс алуучуларды кабыл алууга даяр

О! Мобилдик операторунун Ысык-Көлдөгү түйүнү эс алуучуларды кабыл алууга даяр

18.06.2018

Аба ырайы калыбына келе баштады, эс алуучулар Ысык-Көлгө активдүү чогула башташты, ал эми О! Мобилдик оператору жайкы сезонго түйүндүн даярдыгын билдирет. Жайдын башында Ысык-Көл облусунун аймагында байланыштын 50 жаңы объектиси ишке киргизилди, түндүк гана эмес түштүк жээктеги айылдардагы мобилдик камтууга өзгөчө басым жасалды.

"Ысык-Көл облусундагы мобилдик байланыштардын сапатына жараша туристтик аймактын кадыр-баркы калыптанарын биз түшүнөбүз. Мисалга алсак, курорттук сезондо бир абоненттин мобилдик аймактык түйүндө интернетти пайдалануу көлөмү Кыргызстан боюнча салыштырганда эки эсеге өсөт, - деп айтты О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко. Жергиликтүү абоненттери тарабынан дагы, курорттук аймактын коноктору тарабынан коюлган жогорку интернет-талапка биз түйүндүк инфраструктурабыздын ыкчам өнүгүүсү менен жооп беребиз, бул дагы кардарларыбыздын лоялдуулугуна оң таасирин тийгизет".

Аткарылган иштер популярдуу коомдук эс алуу жайларда байланыш объектилеринин сыйымдуулугун кеңейтүүгө шарт түздү жана ылдам мобилдик интернет менен туристтердин миңдеген аудиториясын гана эмес, жакын жайгашкан айылдардын тургундарын да камсыздады. Ошентип, иштеп жаткан базаларга кошумча элүүдөн ашык базалык станция Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол шаарларын, ошондой эле Булан-Соготту, Саруу, Бөкөнбаев, Сары-Камыш, Ак-Булак, Ак-Булуң, Чычкан, Светлая Поляна, Оргочор, Ак-Терек, Кара-Коо, Ананьев, Жаркынбаев, Отрадное, Шапак, Сары-Камыш, Чолпон, Жылдыз Каракол, Боз-Булуң, Орлиное, Ак-Чий, Жыргалаң, Совет, Кызыл-Кыя, Токтогул (Зындан), Барскоон, Кара-Талаа, Темир Канат, Жер-Үй, Оттук, Кызыл-Туу, Шор-Булак, Ак-Сай, Кутургу, Ой-Булак, Талды-Суу, Кең-Суу, Миң-Булак, Арал, Кичи-Өрүктү айылдарын тейлеп жатат. 

«СУПЕРХАЙП» Акциясын тартынбастан кошуп алыңыз. *200# буйрутмасын териңиз да, трафикти ойлонбостон социалдык тармактар үчүн интернеттин чыныгы деңизине чумкуңуз!

О! Мобилдик операторунун 4G ылдамдыктагы интернети менен эс алууңуздун таасирлерин социалдык тармактарда фото жана видео форматта бөлүшүңүз. 

 

 


Тизмеге кайтуу