О! Мобилдик оператору өз түйүнүнүн өткөрмөлүүлүк жөндөмүн бир кыйла жакшыртты

О! Мобилдик оператору өз түйүнүнүн өткөрмөлүүлүк жөндөмүн бир кыйла жакшыртты

02.04.2018 О! Мобилдик оператору республиканын шаарларында жана айылдарында түйүндү кеңейтүү боюнча динамикалуу иштерин жүргүзүүнү улантууда. Жакында республика боюнча 4G жана 3G байланыш стандарттарын өнүктүрүүгө багытталган эки жүздөн ашуун базалык станциялар иштей баштады.

Файлдарды дароо жүктөө, жогорку сапаттагы видеолор, онлайн-оюндар, фильмдер жана ТВ, музыка жана башка мультимедиалык сервистер – мунун баары төмөнкү калк жашаган пункттарынын тургундарына жеткиликтүү болуп калды:
  • Жалал-Абад облусу – Жалал-Абад шаарында, Достук, Ала-Бука, Массы, Сузак айылдарында;
  • Ош облусу – Ош, Өзгөн, Ноокат, Араван шаарларында, Чек-Абад (Кочубаев а.), Агроном,Пахтачы, Тепе-Коргон, Уйгур-Абад, Шарк, ВЛКСМ айылдарында;
  • Баткен облусу – Айдаркен, Исфана шаарларында, Жаңы-Коргон, Гагарин айылдарында.

Мындан тышкары, өз мобилдик телефонунун экранынан жогорку сапаттагы видеолорду, ТВ көрүүнү жана сапаттуу мобилдик байланыш менен колдонууну камсыз кылуучу мобилдик байланыштын технологиясынын каптоо жана 3G үчүнчү муун маалыматтарды берүү аймагы кеңейди. Техникалык бригадалар жабдууларды ишке киргизүү жана жөндөө боюнча масштабдуу иштерди аткарышты, натыйжада, каптоо аймагы менен түйүндүн сыйымдуулугун бир кыйла кеңейтүүгө мүмкүн болду. Кээ бир айылдардын тургундарынын кубанычына, ал жерде биринчи жолу О! Мобилдик операторунун көптөн күттүргөн байланышы пайда болду. Бул, пайдалуу жана ыңгайлуу «О!го которул + TV» тарифтеринин бардык мүмкүнчүлүктөрү аларга жеткиликтүү дегенди билдирет.

  • Баткен облусу: Исфана, Кызыл-Кыя, Кадамжай (Пульгон) шаарларында, Алга, Чуңкур-Кыштак, Чал-Таш, Таш-Кыя, Уч-Коргон, Кара-Дөбө, Кон-Коко ( мурунку Кон), Сухана, Калтак, Беджей, Мальмут, Мойнок, Пылдырак, Гульмион, Арпа-Сай, Валакиш, Кароол, Кереге-Таш, Майдан, Чакмак айылдарында.
  • Жалал-Абад облусу: Улан-Булак, Кашка-Суу, Чеч-Төбө, Токту, Тоголок, Чулук-Колот,  Баймак, Мазар, Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Айры-Там, Жаңы-Шаар, Ажек (мурунку Комсомол), Падек (мурунку Калинин атындагы), Бешик-Жон, Бай-Мундуз, Оогон-Талаа, Чарбак, Кыргыз-Гава, Беш-Бадам, Биринчи-Май, Кызыл-Ай, Интернационал (Тентек-Сай), Жаңы-Акман, Базар-Коргон, Шыдыр, Гелеген, Абдраимов (мурунку Советское), Көк-Айдар, Рассвет, Теңдик, Майлы-Суу, Сакалды, Кызыл-Кыргызстан, Аримжан, Жаңы-Кыштак, Курулуш, Райманжан, Комсомол, Бек-Абад, Арал, Терс, Чаңгыр-Таш, Бостон, Кызыл-Сенгир, Ылай-Талаа, Жар-Кыштак, Арал-Сай, Жергетал, Михайловка, Жаңы-Айыл, Түрк-Абад, Жийде, Кашкар-Маала, Орто-Азия, Мундуз, Ширин, Үч-Терек, Терек-Суу, Бууракан, Жар-Таш, Сумсар, Алма-Бел айылдарында;
  • Ош облусу: Ош, Эски-Ноокат шаарларында, Кесов, Тепе-Коргон, Чертик, Арал, Жаңы-Жол, Ылай-Талаа, Сай, Кыргыз-Чек, Каарман, Учкун, Маданият, Чагыр,  Октябрь, Жоош (мурунку Жайылма), Ынтымак (мурунку Чечен-Махалла), Кара- Эчки, Каратай, Кызыл-Ордо, Мады, Беш-Көл, Кеңеш, Он-Эки Бел, Додан, Гүлстан, Кызыл-Тейит, Жийде, Кызыл-Булак, Ай-Тамга, Толман, Таш-Булак, Ынтымак, Баглан, Кара-Дыйкан (Ильичевка), Кеңеш, Айгыр-Жар, Кызыл-Кырман, Мырза-Аке, Куршаб, Ак-Жар, Какыр, Ак-Кыя (Калинин), Чарба, Большевик, Кызыл-Тоо, Карчабек айылдарында.
О! Мобилдик операторунун заманбап түйүнү күн өткөн сайын кеңейип бара жатат. Отчеттук учурдун ичинде Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын кайсы шаарларында жана айылдарында кошумча базалык станциялардын орнотулгандыгы тууралуу биздин кийинки материалдан окуңуздар.
 
Түйүндүн толук камтуу аймагын картадан көрсө болот.


Тизмеге кайтуу