Радиофобия эмнеси менен кооптуу? Кыргызстандын мобилдик операторлорунун секилери тууралуу сөз кылалы
Биз уюлдук секилерге байланыштуу даттануулар боюнча түшүндүрмө берүүсүн өтүнүп, Кыргызстандын уюлдук операторлорунун бирине кайрылдык. Баарлашуунун жүрүшүндө компаниянын башчысынын кабинети уюлдук секи жана ар кандай кабыл алуу-өткөрүү жабдуулары орнотулган чатырдын так эле алдында жайгашканы маалым болду. Кызматкерлер күн сайын жумуш убактысын жанында өткөргөн, ал тургай кээ бирлери менен кабинеттерин декорациялаган датчиктерден эмне себептен коркпой турганын айтып берели. Мындан тышкары тууган-туушкандар жана тааныштар «кам көрүү менен» таратып жаткан кеңири белгилүү коркунучтуу оркуяларды да карап чыгабыз.
Алгач бүгүнкү күндө жеткиликтүү уюлдук байланыш менен мобилдик интернет — жашоодогу эң маанилүү мкутаждыктардын бири. Муну пандемия да далилдеди, аргасыз обочолоо мезгилинде байланыш абдан эле чоң жардам берди. Өзгөчө кырдаалдарда жабыркагандардын өмүрү байланыштын болушунан көз каранды экенин эч ким тана албаса керек.
Баткендин чек арасындагы окуялар — мунун түздөн-түз далили. Абалды түшүнүү менен, биздин мобилдик операторлор жабыркагандарга балансында каражат жок болгон учурда да, акысыз байланышуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп беришти. Мунун жардамы менен иш-аракеттерди координациялоо, коопсуз жерлерге жетүү, даректик жардам көрсөтүү мүмкүн болду. Сапаттуу интернет балдардын окуусу үчүн, айрыкча, өтө суук мезгилдерде жана карантин убагында - окуу онлайн-режимге өткөрүлгөн учурларда өтө эле керек.
Таң калыштуусу, азыркыга чейин уюлдук байланыш секилеринен кооптонуп, жабдууну орнотууга колунан келишинче тоскоол болууга аракет кылган жарандар да болууда. Бул көрүнүш радиофобия деп аталат. Радиофобия – бул электрмагниттик нурлануудан (ЭМН) коркуу сезими. Радиофобияга айрым кыргызстандыктар да чалдыккан, бирок, буга карабастан, интернетке кирүү мүмкүндүгүнө ээ уюлдук байланыштын абоненттеринин саны 7,4 млн кишиден ашып кетти.
Кыргызстанда ЭМН деңгээлдерин ченөө нормалары АКШ менен Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу жүз эсе катуу - киши жүргөн жерде болгону 10 мкВт/см2 экенин да белгилей кетишибиз керек. Салыштыруу үчүн: Батышта бул деңгээл 700 - 1000 мкВт/см2 болуу менен, ондон жүз эсеге чейин жогору. Кыргызстанда көп учурда, жогоруда көрсөтүлгөндөй, ЭМН деңгээли жол берилген чекке да жетпейт. Жакында эле жүргүзүлгөн ченөө аракеттеринин жүрүшүндө эки башка прибор максималдуу жол берилген деңгээл катары, болгону 0,4 мкВт/см2 көрсөткөн.
Тилекке каршы, радиофобдор жалпы эл үчүн кооптуу. Кээде алар кол көтөрүү менен вандализмге чейин барышат: инженерлер менен техниктер агрессияга жана физикалык күч-колдонууларга дагы кабылышат, ал эми телефон кабелдерин кескилеп, кымбат баалуу жабдууну жараксыз абалга алып келишет. Радиофобдордун аракеттеринин натыйжасында, өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда, айрым аймактар байланышсыз калып, ыкчам кызматтар жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн экени өзгөчө тынчсыздануу жаратат.
Түрдүү мезгилдерде адамдар илим жана технологиядагы жетишкендиктерден: радиодон, басма станоктордон, электр жарыгынан, ал тургай поезддерден да коркуп келишкен. Тукумсуздуктан тарта жок болуп кетүүгө чейин ар кандай коркунучтуу нерселер айтылган. Ошого карабастан, Кыргызстандын калкы, негизи эле бүткүл дүйнө жүзүндөгү элдин саны барган сайын көбөйүүдө, жашоонун сапаты жакшырып, узарууда.
2G/3G/4G же 5G технологияларына байланыштуу популярдуу мифтерди карап чыгалы:
-
Иммундук системага таасир этет. Калп. Мобилдик технологиялардын иммундук системага кандайдыр бир таасир тийгизе тургандыгы жөнүндө эч кандай илимий маалымат жок. Тармакта кеңири тараган «коркунучтуу окуялар» шарлатандар тарабынан ойлоп табылган.
-
Уюлдук байланыш ракка алып келет. Калп. Физиктер мындай түшүндүрүшөт: ар кандай жыштыктагы электрмагниттик нурлануулар – бул ДНКны жабыркатпаган иондоштурбай турган нурлануу. Ракты ДНКны бузган иондоштуруучу нурлануу гана пайда кылышы мүмкүн.
-
5G канаттууларды өлтүрөт, COVID-19, онкологиялык илдеттерди, тукумсуздукту жана башка ооруларды пайда кылат. Калп. Радиотолкундар канаттууларга эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Физика боюнча 9-класстар үчүн мектеп программасынын материалдарынан радиотолкундар – төмөнкү жыштыктагы толкундар болуп, клеткадагы ДНК түзүлүшүн бузбай турганын окуганбыз. Радиотолкундардын кишиге жана жаныбарларга тийгизген таасири боюнча түрдүү темаларда көп сандагы изилдөөлөр жүргүзүлгөн, бирок алардын биринде да радионурлануу менен оорулардын келип чыгуу тобокелдигинин ортосунда байланыш бар экени аныкталган эмес.
Мобилдик оператордун кеңсесине кайтып келели – биз ар бир кабатта передатчиктердин бар экенин, алардын жанында эле кызматкерлер жайбаракат өз иштерин аткарып отурушканын көрдүк.
Ар бир байланыш объектиси эксплуатацияга киргизилерден мурун кылдат текшерүүдөн өтөт:
- Алгач физикалык ченөө боюнча көз карандысыз лаборатория ЭМН деңгээлдерин болжолдуу эсептеп чыгат;
- Андан соң долбоор КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин текшерүүсүнөн өтөт;
- Байланыш объектиси экспертизадан өтүп, тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдаштырылган соң гана курула баштайт;
- Курулуш аяктагандан кийин лаборатория базалык станциянын ЭМН деңгээлдерин ченеп чыгат. Базалык станцияны эксплуатациялоо жол берилген деңгээлдерде гана мүмкүн.
Жогорудагы процедуралар менен катар эле калкка түшүндүрүү иштери да жүргүзүлөт. Турак-жайларына жакын жерге жабдуу курулуп жаткан эл менен жолугушуулар өткөрүлөт. Байланыш операторлорунун инженерлери менен бирге КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин (ОАМСЭД), ошондой эле КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын (БТЖКК) адистери дагы барышат. Булардан тышкары, физикалык факторлорду ченөө боюнча сертификациядан жана аккредитациядан өткөн көз карандысыз «АРМОТ» ЖЧК лабораториясы да келет. Албетте, бул жашоочулардын ишенимин бекемдейт.
Жергиликтүү тургундар менен мына ушундай жолугушуу жакында эле Бишкектин четинде болуп өттү. Аймактын жашоочуларынын бир бөлүгү байланыштын жакшыртылышына жана жабдуунун курулушуна макулдугун беришти. Калган жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Санэпидемкөзөмөлдүн адиси Жаныбек Арзыкуловдун айтуусу боюнча, радиофобиянын келип чыгышынын себептери ар түрдүү. Алардын ичинен кийинкилерди бөлүп көрсөтүүгө болот: туура маалыматтын жоктугу, интернетте кеңири тараган туура эмес маалыматтар, чочулоо сезиминин жогорулугу. Тилекке каршы, радиофобиядан медикаментоздук жол менен арылуу мүмкүн эмес, маалыматтык-агартуу иш-чаралары гана жардам бере алат жана биз бул жаатта үзгүлтүксүз иш алып баруудабыз, - деп кошумчалады Жаныбек Тополоңович.
Ошол эле учурда мобилдик технологиялардын – 3G, 4G, өзгөчө 5G түйүндөрүнүн саламаттыкты сактоо жана билим берүү, өндүрүш жана мамлекеттик башкаруу секторлору, анын ичинде акылдуу шаар үчүн өтө чоң артыкчылыкка ээ экенин эч ким талаша албайт.
Кыргызстан өз коомунун жыргалчылыгы үчүн алдыга карай кадам таштап, аталган технологияларды колдонууда – бүгүнкү күндө убакытты жана акчаны үнөмдөө менен көп маселени аралыктан чечүү мүмкүн. Мобилдик технологиялардын мындан ары өнүктүрүлүшү экономикалык өнүгүүнү жана элдин жыргалчылыгын дагы бир баскычка жогорулата турганы шексиз.