
Командабызга тажрыйбалуу байланыш инженери талап кылынат.
Милдеттери:
базалык станциялардын, радиожабдуулардын, электр жабдууларынын жана сигнализация системаларынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо;
генератордук орнотмолордон байланыш жабдууларынын ишин камсыздоо, анын ичинде түнкү убакта дагы (чукул авариялар учурларында);
радиожабдууларын (BTS жана MW), электр жабдууларын жана желдетүү системаларын тейлөө, аларга көзөмөл жүргүзүү, алдын алуу иштерин аткаруу;
радио (BTS жана MW) жана электр жабдууларындагы (PS, ДГО, БГО) көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү.
Коюлган талаптар:
телекоммуникация, радиобайланыш, энергетика тармагында кеминде 1 жылдык иш тажрыйбасы;
телекоммуникация, радиобайланыш, энергетика багытында орто атайын же жогорку техникалык билими;
БГО / ДГО түзүлүшүн жана иш принцибин билүү;
жеке 4WD жол тандабас унаасы бар. В же ВС категориясындагы айдоочу күбөлүгүнө ээ;
унааны татаал шарттарда айдоо көндүмдөрүнө ээ.
Биз сунуштайбыз:
№1 мобилдик оператордо кесиптик жактан өсүү;
Корпоративдик мобилдик байланыш;
Кыргызстан боюнча акы төлөнүүчү иш сапарлар;
Күйүүчү-майлоочу майдын жана амортизациянын акысын төлөп берүү;
иш графиги: Дүйшөмбү – Жума, саат 9:00-18:00.
Бул бош орун талаптарына жооп берген талапкерлер маектешүүгө чакырылат.