Кыргызча
Баннер на странице с вакансиями

Радиопландаштыруy жана тармакты оптималдаштыруу боюнча стажёр

Радиожыштык тармагын пландаштыруу жана оптималдаштыруу бөлүмүнө стажёр талап кылынат. Биз демилгелүү, үйрөнүүгө даяр, практикалык тапшырмаларды так аткара алган жана телекоммуникация тармагында өнүгүүгө умтулган талапкерди издейбиз.

Милдеттери:

  • бөлүмдүн ички окуу программалары боюнча билим алуу жана тажрыйбалуу адистердин жетекчилиги астында практикалык тапшырмаларды аткаруу;
  • радио жыштык тармагын пландаштыруу жана оптималдаштыруу процессине катышуу;
  • бөлүмдүн функционалын кеңейтүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш тапшырмаларын аткаруу;
  • учурдагы техникалык маселелер боюнча бөлүм кызматкерлери менен өз ара аракеттенүү.

Талаптар:

  • жогорку техникалык билимге ээ же акыркы курста окуган («байланыш» же «телекоммуникация» багытында билими артыкчылыктуу, бирок милдеттүү эмес)
  • телекоммуникация жаатында чыныгы билимге ээ жана радиожыштык тармагына кызыгуусу;
  • орус тилин мыкты билүү (англис жана кыргыз тилдерин билүү артыкчылыктуу);
  • MS Word жана MS Excel программаларын ишенимдүү колдонуу;
  • иш тажрыйбасы талап кылынбайт.

Биз сунуштайбыз:

  • иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9:00дөн 18:00гө чейин;
  • шаардын борборундагы заманбап кеңсе;
  • такшалма төлөнөт.

 

Бул бош кызмат ордунун талаптарына жооп берген талапкерлер маектешүүгө чакырылат.

Төмөнкү талааларды толтуруп, резюмеңизди тиркеңиз
minus iconminus icon
minus iconminus icon
Резюмени тиркөө
Жеке маалыматтарымды иштеп чыгууга макулдугумду берем