Кыргызча
Баннер на странице с вакансиями

Өрт коопсуздугу боюнча адис

Биздин командага өрт коопсуздугу боюнча адис издейбиз.

Негизги милдеттери:

  • Компаниянын объекттеринде өрт коопсуздугун камсыз кылуу;
  • өрт сигнализациясы, кабарлоо жана өрт өчүрүү системаларынын, ошондой эле өрт өчүрүүнүн алгачкы каражаттарынын ишке жарамдуулугун көзөмөлдөө;
  • oбъекттерди текшерип чыгуу, аныкталган мыйзам бузууларды белгилөө жана алардын жоюлушун көзөмөлдөө;
  • өрт сигнализациясы жана өрт өчүрүү системаларын тейлеген подряддык уюмдардын иштерин көзөмөлдөө;
  • өрт көзөмөлү органдары менен өз ара иш алып баруу жана берилген көрсөтмөлөр боюнча жоопторду даярдоо;
  • долбоорлорду макулдашууга жана объекттерди пайдаланууга кабыл алууга катышуу;
  • нускамаларды, эвакуация пландарын, буйруктарды жана башка документтерди иштеп чыгуу жана жаңыртып туруу;
  • өрт коопсуздугу боюнча нускамаларды өткөрүү жана эвакуация боюнча окуу-машыгууларды уюштуруу.

Биздин талаптар:

  • жогорку техникалык билим (өрт коопсуздугу, техносфералык коопсуздук, өнөр жай коопсуздугу же эмгекти коргоо багыттары артыкчылыктуу) же кесиптик кайра даярдоодон өткөндүгү тууралуу документи бар орто кесиптик билим;
  • адистиги боюнча кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы. ӨКМде өрт өчүрүүчү, ӨКМдин окуу-методикалык борборунда окутуучу же өрт көзөмөлү кызматында адис катары иштеген тажрыйба талап кылынат;
  • Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтерди билүү;
  • өрт сигнализациясы, өрт өчүрүү жана түтүн чыгаруу системаларынын иштөө принциптерин түшүнүү;
  • документтер менен иштөө көндүмдөрү жана компьютерде иштөөнүн негизги көндүмдөрү (Word, Excel);
  • жоопкерчиликтүүлүк, кылдаттык, кызматкерлер жана жетекчилер менен натыйжалуу баарлаша билүү.

Биз сизге сунуштайбыз:

  • № 1 мобилдик оператордо кесиптик жактан өсүү мүмкүнчүлүгүн;
  • дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштөө графиги;
  • корпоративдик уюлдук байланышты;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык расмий жумушка орноштуруу.


Төмөнкү талааларды толтуруп, резюмеңизди тиркеңиз
minus iconminus icon
minus iconminus icon
Резюмени тиркөө