Кыргызча
Баннер на странице с вакансиями

Маалымат борборунун инфраструктура инженери

Биз байланыш жана маалымат берүү кызматтарынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылган телеком-компаниябыз. Маалымат борборунун маанилүү системаларынын туруктуу иштешин камсыз кыла ала турган инфраструктура инженерин издеп жатабыз.

Милдеттер:

  •  МБнын инженердик инфраструктурасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу (электр менен камсыздоо, үзгүлтүксүз электр булагы (ҮЭБ), дизель-генераторлук орнотма (ДГО), муздатуу системалары);
  • Core-тармактын, транспорттук тармактын жана сервистик платформалардын иштешин камсыз кылган инфраструктураны колдоо;
  •  МБнын инженердик инфраструктурасын мониторинглоо, инциденттерге оперативдүү жооп берүү, журналдарды жүргүзүү;
  • МБнын жаңы инженердик инфраструктура системаларын пландаштырууга, киргизүүгө жана эксплуатацияга берүүгө катышуу.

Биздин талаптар:

  •  Жогорку техникалык билим (энергетика, телеком, автоматташтыруу, ИТ);
  • Электр энергетикасы чөйрөсүндө иш тажрыйбасы;
  •  ДГО жана ҮЭБ менен иштөө тажрыйбасы, электр орнотмолорунда оперативдик которуштурууларды жүргүзүү тажрыйбасы;
  • Электр коопсуздугу боюнча IV топ (1000 В ге чейин жана андан жогору) — милдеттүү;
  •  ПК колдонуучусу (MS Word, Excel, Outlook);
  •  AutoCAD жана MS Visio билүү артыкчылык катары каралат.

Артыкчылыктар :

  • Байланыш операторунда иштөө тажрыйбасы;
  • ДГО жана климаттык системаларды тейлөөчү подрядчиктер менен иштешүү тажрыйбасы.

Биз сунуштайбыз:

  • Үзгүлтүксүз кесиптик өсүү;
  • Кызыктуу жана заманбап тапшырмалар;
  • Шаардын борборундагы жайлуу жашыл офис;
  • Толук жабдылган жумуш орду;
  • Акысыз мобилдик байланыш.

Иш графиги: 5/2, саат 09:00дөн 18:00гө чейин.


Төмөнкү талааларды толтуруп, резюмеңизди тиркеңиз
minus iconminus icon
minus iconminus icon
Резюмени тиркөө
Жеке маалыматтарымды иштеп чыгууга макулдугумду берем