Кыргызча
Баннер на странице с вакансиями

BI-аналитик

BI-аналитик

О! мобилдик операторунун коммерциялык дирекциясына BI-аналитик талап кылынат.

Милдеттери:

  • чоң көлөмдөгү маалыматтарды изилдөө жана талдоо;
  • BI-инструменттерди (Tableau) колдонуу менен түшүнүктүү жана көрүүгө ыңгайлуу отчетторду иштеп чыгуу;
  • гипотезаларды текшерүү жана дашборддордун макеттерин түзүү;
  • иштетилген маалыматтардын негизинде бизнес-процесстердин натыйжалуулугун баалоо.

Биз күтөбүз:

  • жогорку билим (экономика, IT же математика багытында);
  • аналитик катары иш тажрыйбасы;
  • маалыматтарды визуалдаштыруу боюнча тажрыйба: дашборддорду, графиктерди жана диаграммаларды түзүү (портфолио же иштеп чыккан визуализацияларыңызды көрсөтүү зарыл);
  • Tableau программасын ишенимдүү деңгээлде билүү;
  • структуралуу ой жүгүртүү, адамдар менен натыйжалуу иштеше билүү жана командада иштөө жөндөмү.

Артыкчылык болуп саналат:

  • Excel, SQL жана Python менен иштөө көндүмдөрү.

Биз сунуштайбыз:

  • кесиптик жана карьералык өсүү мүмкүнчүлүгү;
  • иш графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин, 9:00дөн 18:00гө чейин;
  • шаардын борборунда жайгашкан ыңгайлуу заманбап офис;
  • толук жабдылган жумуш орду;
  • акысыз мобилдик байланыш.

Бул вакансиянын талаптарына жооп берген талапкерлер маектешүүгө чакырылат.

Төмөнкү талааларды толтуруп, резюмеңизди тиркеңиз
minus iconminus icon
minus iconminus icon
Резюмени тиркөө
Жеке маалыматтарымды иштеп чыгууга макулдугумду берем