Билчү белеңер? Күнгө күйүү жакын жердеги базалык станцияга караганда алда канча коркунучтуу
Фобиялардын бардык түрлөрүнүн ичинен номофобия бүгүнкү күндө өзгөчө популярдуулукка ээ болууда - телефонсуз калуудан, жакындары менен байланыша албай калуудан коркуу.
Адамдар байланышсыз калгысы келбейт жана ошол эле учурда мобилдик мунаралардын жанында болуудан коркушат. Тынчсыздануунун бул түрү "радиофобия" деп аталат - бул ипохондриалык синдромдун көрүнүшү. Медициналык текшерүүлөрдүн нормалдуу жыйынтыгына карабастан, ипохондрик өзүнүн жашоосу жана ден соолугу үчүн дайыма тынчсызданууну жана коркууну башынан өткөрөт, бул анын жашоо образына жана коомдогу жүрүм-турумуна чоң таасирин тийгизет.
Интернетте ипохондриктердин акылын козгогон маалыматтар толтура. Абстракттуу “канадалык, шведдик, британиялык” окумуштуулардын базалык станциялардын ойдон чыгарылган зыяны тууралуу макалаларын миңдеген шектүү сайттардан көрүүгө болот.
Коркуунун кереги барбы?
Адамдын жанында эбегейсиз көп сандагы нурлануу булактары бар. Күн сайын адамдар ноутбук, телевизор, роутер, микротолкундуу меш жана уюлдук телефон колдонобуз. Бул нерселердин бардыгы белгилүү бир фонду чыгарат. Кыскасы, турак жайыбызда жайлуулукту жараткан, жемиштүү иштөөгө жана эс алуунун кызыктуураак болушуна жардам бергендин баары. Бирок, эмнегедир, көбүнчө адамдар базалык станциялардын иштешинен коркушат, бирок алардын электромагниттик нурлануусу ошол эле микротолкундарга караганда алсызыраак.
Базалык станциянын жанында болгондон көрө, күнгө күйүү коркунучтуураак.
Билүү пайдалуу
Радио толкундар адамдар үчүн коркунучтуу эмес, алар клетка мутациясын пайда кыла албайт жана ДНКга таасир этпейт. Бул тууралуу 9-класстын физика окуу китебинен окуй аласыз. Миңдеген илимий изилдөөлөр уюлдук тармак сигналдарынын адам организмине терс таасирин аныктаган жок жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да аны тастыктаган.
Адамдарга нурлануу зыяндуу, башкача айтканда заряддуу бөлүкчөлөрдүн агымы түрүндөгү нурлануу жана иондоштуруучу нурлануу (рентген бөлмөсүндөгүдөй).
"Радио толкундары" деген сөз "радиация" деген сөзгө окшош болгондуктан жөн эле "бактысы жок болуп калган". Сөздөр абдан окшош, бирок бул түшүнүктөр бири-биринен такыр башкача.
Ошондой болсо да, жарандарда жакынкы базалык станциядан электрмагниттик нурлануу боюнча кооптонуулар пайда болгон учурда өлчөөлөр жана тургундар менен маалыматтык жолугушуулар жүргүзүлөт. О! мобилдик операторунун инженерлери айтып бергендей, байланыш операторлорунун инженерлери менен бирге КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин (ДПЗиГСЭН), ошондой эле КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине (СРНОС) караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын адистери биргеликте барышат. Кошумча "АРМОТ" ЖЧКнын физикалык факторлорду өлчөө боюнча көз карандысыз сертификацияланган аккредиттелген лабораториясы келет.
Радиофобдордун өзү кооптуу
Баары чалуулардын сапаты жогору жана интернет тез болушун каалагандай.
Бирок айрым абоненттер өз райондорунда жаңы базалык станцияларды орнотууга кубанып жатышса, башкалары нааразы болуп, алардын ден соолугуна келтирилген зыяндары тууралуу айтып жатышат. Тилекке каршы, Кыргызстанда байланыш инженерлерине кол салуу, вандализм учурлары көп кездешет. Адамдар техниканы көрүп, монтаждоо бригадасы менен мушташканы чыгышат, радиофобдор кымбат баалуу жабдууларды, темир конструкцияларды сындырып, зымдарды кесишет. Алардын иш-аракеттеринин натыйжасында, өзгөчө кырдаалдар учурунда айрым аймактар байланышсыз жана тез жардам кызматтарынын жеткиликтүүлүгүсүз калышы мүмкүн.
Абсурдга чейин барат. Адегенде тургундар радиофобиядан улам станцияны алып салууну талап кылышат. Бирок ал демонтаждалганда, алар начар байланышка жана интернетке нааразы боло башташат.
Силер билесиңерби…
-
Кыргызстанда адам турган жердеги электромагниттик нурлануунун жол берилген чектик деңгээлинин дүйнөдөгү эң катуу ченемдеринин бири ‒ 10 мкВт/см² иштейт. Ал эми АКШда, Европада, Японияда жана Кореяда ондогон, жүздөгөн эсе көп: 200—1000 мкВт/см².
-
Мында микротолкундуу мештен чыккан электромагниттик нурлануунун деңгээли 120дан 180 мкВт/см² чейин. Бул базалык станциядан ондогон эсе жогору.
Окумуштуулар, инженерлер, изилдөөчүлөр базалык станциялардан нурлануудан коркуу негизсиз деп ырасташат.
О! компаниясы колдонгон бардык жабдуулар – бул эл аралык таанылган стандартташтырылган уюмдардын дүйнөлүк стандарттарына багытталган дүйнөлүк бренддердин алдыңкы өндүрүүчүлөрү.
Бардык базалык станциялар санитардык ченемдерди жана талаптарды милдеттүү түрдө сактоо менен жайгаштырылат. Базалык станциялар көз карандысыз экспертизадан бир нече жолу өтөт. Жабдуулар адамдардын ден соолугуна таасир этпейт деген оң корутунду болгондо гана иш башталат. Келечекте мындай текшерүү үч жылда бир жолу үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.
Базалык станцияны ишке киргизүүнүн этаптары
-
Биринчиден, көз карандысыз физикалык өлчөө лабораториясы ЭМИ деңгээлдеринин алдын-ала эсептөөлөрүн жүргүзөт;
-
Андан соң долбоорду КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын-алуу департаменти жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл текшерет;
-
Байланыш объекти экспертизадан өткөндөн жана тиешелүү мамлекеттик органдардан оң макулдашылгандан кийин гана курула баштайт;
-
Курулуш аяктагандан кийин, сертификатталган лаборатория базалык станциянын ЭМИнин чыныгы өлчөөлөрүн жүргүзөт. Уруксат берилген деңгээлдер гана базалык станцияны иштетүүгө мүмкүндүк берет.
Негизсиз тынчсызданууну кантип жоюуга болот?
Физикалык жана психологиялык ден-соолуктун ачкычы жөнөкөй нерселерде, аларды бардыгы билишет, бирок аз эле адам жасайт. Бул жума сайын спортзалга баруу же күн сайын кечинде жарым саат жайбаракат сейилдөө, сүйүктүү иш-аракет жана эс алууга жардам берген хобби болобу, жетиштүү уйку, салмактуу тамактануу, үзгүлтүксүз физикалык көнүгүү.
Бирок коркуу менен күрөшүүнүн негизги жолу - технология жөнүндө көбүрөөк билүү жана аны колдонуунун жакшы жактарын билүү.
Бүгүнкү күндө мобилдик байланыштын маанисин ашыра баалоо кыйын - бул тез жардам кызматын чакыруу, чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланышуу, алыстан окуу жана дүйнө жүзү боюнча маалыматка ээ болуу, иштөө жана бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү. Смартфон эчак эле чалуулар үчүн гана түзүлүш болбой калган, тармакта маалымат издөө, оюн-зоок үчүн толук кандуу курал жана өзү капчыкты алмаштырууга жөндөмдүү түзмөк болуп калды. Биз каалаган төлөмдөрдү – жарык, газ, суу үчүн уюлдук телефон менен төлөй алабыз. Бул банкка барууга күч-кубатты, демек абдан баалуу болгон – убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.