Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик операторунун транзиттик жеткирүүчүлөрү Интернетке чыгуу үчүн тышкы магистралдык каналдардын баасын бир топ жогорулатты. Кошуна Казахстан аркылуу өтүүчү Интернет-каналдардын ижара баасынын тез өсүшү акыркы айдын ичинде байкалып жатат. Казахстан Кыргызстандын байланышын Россиянын чегине чейин камсыздап турат (Россия андан аркы трафикти камсыздайт).
О! мобилдик операторунун кызматтарына бааларды уюштуруу рыноктук шарттардын жана компаниянын өндүрүштүк чыгымдарынын негизинде жүргүзүлөт. Бүгүнкү күнү өлкөнүн телекоммуникация рыногундагы шарттар, анын ичинде, магистралдык каналдардын ижара баасы аныкталып жатат. Эгерде интернет-каналдардын баасынын өсүү тенденциясы сакталып калса, бул өз кезегинде Кыргызстандын мобилдик операторлорунун кардарлары үчүн көрсөтүлчү кызматтардын баасына жана сапатына таасир этиши мүмкүн.
Компания абоненттерге өз кызматтарын пайдалуу шарттарда көрсөтүү үчүн көрсөтүлчү кызматтардын сапатын жакшыртуу жана өздүк наркын азайтуу боюнча иштерди дайыма жүргүзөт. Тарифтик пландардагы бардык өзгөрүүлөр ушул факторлорду эске алуу менен жүргүзүлөт.
Компаниянын жаңылыктарын О! мобилдик операторунун расмий сайтынан www.o.kg карап туруңуздар.

Кантип Кыргызстандын айыл тургундары уюлдук секилерден коркпой калышты жана буга илегилектердин кандай тиешеси бар?

Россиядан «Мой О!» жана O!Store'го которуулар — тез, ыңгайлуу жана комиссиясыз!

О! мобилдик оператору «Мой О!» тиркемесин роумингде акысыз колдонуу мүмкүндүгүн берүүдө

Аз эле убакыт калды! Жакында O!Store текчелеринен жаңы iPhone 17 орун алат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар