Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору бүткүл дүйнѳ жүзү боюнча ѳзүнүн роумер абоненттери үчүн жаӊы тармакдѳрдү ачуу ишин улантат. Мунун натыйжасында алар жеке номерлерин алмаштырбастан, жакындары менен ар дайым байланышта боло алышат.
Корпоративдик жана жеке абоненттер үчүн:
4G-роуминг эми кийинки ѳлкѳлѳрдѳ да иштеп жатат: Швеция (Tele2), Мальта (Vodafone), Нидерланды (Vodafone), Италия (Vodafone), Ирландия (Vodafone), Түркия (Vodafone), Түштүк Африка (Vodacom);
Добуштук жана 4G-роуминг эми Танзания (Vodacom) менен Непалда (Ncell) аракетте.
Корпоративдик абоненттер үчүн:
Добуштук жана 4G-роуминг эми Мьянманын Telecom International тармагындѳ аракетте;
Добуштук жана интернет-роуминг эми Ѳзбекстандын Uzbektelecom тармагындѳ аракетте;
4G-роуминг Канаданын Telus тармагындѳ жана Венгриянын Vodafone тармагындѳ ачылды.
Жеке абоненттер үчүн:
О! саякатчылар үчүн мобилдик баарлашууну максималдуу түрдѳ пайдалуу жана ыӊгайлуу кылуу аракетинде. Дүйнѳнүн бардык жерлеринен акысыз техникалык колдоо сиздин жайлуулугуӊуз үчүн иштейт. Роумингдеги абоненттер атайын командаларды терип, бардык маселелерди акысыз чече алышат. Чет ѳлкѳгѳ чыккан учурда Wi-Fi колдонуу мүмкүндүгүнѳ ээ болбогондо же балансыӊызда каражат калбай калган учурда дагы жакындарыӊыз сизди жоготуп албайт. Роумингде акысыз SMS-билдирүүлѳрдүн жардамы менен сизде бардыгы жайында экендигин жакындарыӊызга кабарлай аласыз.
Роуминг кызматынан пайдалануу үчүн чет ѳлкѳгѳ чыгаар алдында добуштук байланышты кошуу максатында - *996# командасын, роумингде интернет колдонуу үчүн - *997# командасын терүү зарыл. Роумингде О! мобилдик байланыш кызматтарын берүү шарттары менен компаниянын сайтында «Роуминг» бѳлүмүнѳн таанышууга болот.

О! операторунан лимитсиздик! 500 сом болчу – азыр болгону 350 сом!

Досуңду алып кел – 200 сом ал, ал эми досуң – 200 сом + 200 ГБ алат!

Кош бонус каалайсызбы: 200 ГБ + 200 сом? O!Bank + О! операторуна өтүңүз!

О! операторунан 4 жумага 230 сомго жаңы «СуперХит» тарифи.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар