Акыркы жаңылыктар
Убакыт өтүп жатат: О! операторунун Intern Labs стажировкасына өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаганга чейин 5 эле күн калды. Бул жөнөкөй программа эмес – бул саналуу катышуучуларга жеткиликтүү болгон реалдуу практика менен кибер коопсуздук дүйнөсүнө кирүү үчүн сейрек берилүүчү мүмкүндүк. Стажировка 2025-жылдын 6-июнунда башталат. Программа үч айга (июнь-август) эсептелип, жумасына эки жолу – шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 16:00дөн 18:00гө чейин практикалык сабактарды камтыйт.
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 5 күндөн кийин токтотулат – 25-май акыркы күн. Жыйынтыктар 26-майда чыгат.
Өтүнмөнү долбоордун internlabs.o.kg сайтынан берүүгө болот.
Кибер коопсуздук бүгүнкү күндө ИТ рыногундагы негизги багыттардын бирине айланууда, ал эми жакынкы жылдарда бул тармактагы адистерге карата суроо-талап эки эсе көбөймөкчү. Бул бир гана маалыматтарды коргоо эмес, ошол эле учурда санариптик дүйнөгө болгон ишенимдин негизи. Бул тажрыйба менен катар, тез окуп-үйрөнүү, сынчыл ой жүгүртүү жана бир кадам алдыда болуу жөндөмдүүлүктөрү дагы жогору бааланган карьера. Intern Labs дал ушул көндүмдөргө – практикалык, жандуу, чындыкка максималдуу жакын шарттарда ээ болуу мүмкүндүгүн түзүп берет.
Intern Labs – бул онлайн-курс да, теория да эмес. Бул анык кейстер менен түздөн-түз иш алып баруу, эксперттердин ментордугу, кесиптик чөйрөгө жана чыныгы инструменттерге мүмкүндүк алуу. Мындай практиканы ачык булактардан таба албайсыңар.
Intern Labs – О! мобилдик операторунун толук социалдык долбоору болуу менен, 6 жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Бул мезгил аралыгында ондогон катышуучу санариптик кесиптердин адиси болгонго жетишти. Кезектеги ар бир поток катышууну каалагандардын саны боюнча рекорддук көрсөткүчтөргө чыгууда.
Биз жөн гана студенттерди эмес, чыныгы чакырыктарга даярмын деген болочок адистерди издейбиз. Эгерде сен билим алуу менен катар, өлкөнүн санариптик ландшафтын өзгөрткөн чөйрөдө иштегиң келсе, анда азыртан калбай internlabs.o.kg сайтынан өтүнмө бер.
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 5 күндөн кийин токтотулат – 25-май акыркы күн. Жыйынтыктар 26-майда чыгат.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.
Баасы 3 эсе арзан, бирок ошондой эле артыкчылыктарга ээ: Honor турганда ашык төлөөнүн эмне кереги бар
90 күн эмес, ар дайым! АКЫСЫЗ «Яндекс Плюс» бардык «КОМБО» тарифтеринде
АПТАП БАШТАЛДЫ! О!Store дүкөндөрүндө смартфондорду финалдык сатып түгөтүү – 60%га чейин арзандатуу
Оюндун эрежелерин өзгөрткөн смартфондор
Дагы эле iPhone үчүн ашыкча төлөп жүрөсүңөрбү? Honor кыйла көп артыкчылыктарга ээ!
Бардык жаңылыктар