Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору кыргызстандыктарга дем алыш күндөрүн жакшы өткөрүүнү каалайт жана кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн бүт өлкө боюнча O!Store дүкөндөрүнүн тармагы жана компаниянын сатуу жана тейлөө кеңселери штаттык шарттамда иштей тургандыгын жарыялайт. Ошондуктан, эгерде сиз смартфон сатып алууну пландаштырган болсоңуз, же О! прогрессивдүү тармагынө кошулууну кааласаңыз, кийинкиге калтыруунун кажети жок.
«Биз “24/7” стратегиясын ишке ашырууну улантуудабыз жана биздеги тейлөөнү маскималдуу түрдө ыңгайлуу кылууга аракеттенип жатабыз.Биздин көпчүлүк бөлүмдөрүбүз эчактан бери эле дем алышсыз иштейт. Биз бүткүл Кыргызстан эс ала турган бул дем алыш күндөрүндө да кеңселерибиздин тармагы кардарлар үчүн ачык экендигин кубануу менен билдиребиз»,– деди О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Компания ар бир кыргызстандыктын жашаган жерине карабастан, телекоммуникациялык кызматтардын бардык түрлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу жана өз үйүнөн же иш ордунан алыс эмес жерден кеп-кеңештерди алуусу үчун өз кардарларына жакын болууга аракет кылат.
24/7 форматындагы мобилдик байланышка тиешелүү бардык суроолор боюнча компаниянын кардарларды ыкчам тейлөө тобу менен төмөндөгү ресурстар аркылуу байланышса болот:
+ 996 705 700 700 - WhatsApp;
О! мобилдик оператору- Viber. Бизди бул шилтеме аркылуу тапса болот http://chats.viber.com/okgmobile;
@Nurtelecom_bot - Telegram;
Instagram, Facebook, «ВКонтакте» баракчаларыбызда жеке билдирүүлөр;
www.o.kg сайтында онлайн-чат
Байланыш кызматтарын:
О! мобилдик оператору 24/7 байланышта.

Кантип Кыргызстандын айыл тургундары уюлдук секилерден коркпой калышты жана буга илегилектердин кандай тиешеси бар?

Россиядан «Мой О!» жана O!Store'го которуулар — тез, ыңгайлуу жана комиссиясыз!

О! мобилдик оператору «Мой О!» тиркемесин роумингде акысыз колдонуу мүмкүндүгүн берүүдө

Аз эле убакыт калды! Жакында O!Store текчелеринен жаңы iPhone 17 орун алат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар