Көңүл бургула! О! мобилдик оператору катталбаган номерлерди өчүрөт

25.01.2016

О! мобилдик оператору 6 күндөн кийин SIM-карталарды каттоо мөөнөтү аяктарын эске салат. О!нун каттодон өтпөгөн бардык абоненттери оператордун сатуу жана тейлөө кеңселерине тезинен келиши керек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык О! мобилдик оператору компания менен келишим түзбөгөн абоненттерге байланыш кызматын көрсөтүүнү токтотот.

Номерди өчүрүп салбас үчүн О!нун каалаган сатуу жана тейлөө кеңсесине тезинен кайрылып, оператор менен келишим түзүү зарыл. Жанында өздүктүгүн ырастаган документ (паспорт, аскердик белет, айдоочулук күбөлүк) болуш керек. Эгер абонентке 16 жаш толо элек   жана анын паспорту жок болсо, анын ата-энеси же жакындары келишим түзө алышат. Номерди айкындоо акысыз жүрүп жатат.

SIM-карталарды каттоо жол-жобосун жеңилдетүү үчүн О! мобилдик оператору номерлерди алдын ала онлайн-каттоо формасын www.o.kg/ru/obslujivanie/reg иштеп чыкты. Аны сатуу кеңсесине келерден мурун толтуруп койсо, абонент айкындоо убактысын бир топ кыскартат.

Номер катталган же катталбагандыгын билүү үчүн телефондон *212# буйрутмасын терүү керек.

Келишим түзүү кардарга бир нече артыкчылыктарды берет:

  • алдап-тоноо аракеттеринен коргоо;
  • sim-картаны бат алмаштыруу жана номерди калыбына келтирүү;
  • өз чалууларынын учурларын алуу мүмкүндүгү;
  • кошумча кызматтарды алуу.

 Бардык керектүү маалымат жана каттоо өтө турган даректери бар жайлардын тизмеси  - расмий сайтта www.o.kg.

 О! мобилдик оператору каттоо жол-жобосун дароо азыр өтүүнү сунуштайт!


Тизмеге кайтуу