Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик операторунун дарегине «Кыргыз Республикасынын согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оруктун эмгекчилеринин республикалык кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы Качкын Саргазаковдун атынан ыраазычылык каты келип түштү.
Анда О! мобилдик операторунун абоненттеринин колдоосу менен даректик материалдык жардам бүткүл өлкө боюнча УАМС 66 ардагерине жардам көрсөтүлгөн. Ардагерлер компаниянын жамаатына андан аркы өсүп-өнүгүү жана да көп жетишкендиктерди каалады.
21-апрелде О! мобилдик оператору жыл сайынкы «Жеңиш күнү» акциясынын башталгандыгы жөнүндө жарыялагандыгын эске салабыз, анын алкагында О!нун миңдеген абоненттери баасы 20 сом турган SMSти 1945 номерине жөнөтүшкөн. Жыйынтыгында, 80 060 сом өлчөмүндө акча каражаттары чогулду, алар “Кыргыз Республикасынын согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оруктун эмгекчилеринин республикалык кеңеши” коомдук бирикмесине андан ары бөлүштүрүү үчүн өткөрүп берилген.
О! мобилдик оператору ардагерлерди колдоого макул болуп, ушул акцияга катышкандардын баарына ыраазычылык билдирет.

90 күнгө акысыз O!Prime – көбүрөөк интернет, көбүрөөк кешбэк, эч кандай комиссия жок!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Кантип Кыргызстандын айыл тургундары уюлдук секилерден коркпой калышты жана буга илегилектердин кандай тиешеси бар?

Россиядан «Мой О!» жана O!Store'го которуулар — тез, ыңгайлуу жана комиссиясыз!

О! мобилдик оператору «Мой О!» тиркемесин роумингде акысыз колдонуу мүмкүндүгүн берүүдө
Бардык жаңылыктар