COVID-19га каршы вакцинасын ал да, “Мой О!” тиркемесинен 10 ГБ интернет белекке ээ бол!

COVID-19га каршы вакцинасын ал да, “Мой О!” тиркемесинен 10 ГБ интернет белекке ээ бол!

24.07.2021

COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүнүн алкагында О! Мобилдик оператору COVID-19 каршы вакцинанын жок дегенде биринчи дозасын алган жарандардын бардыгы үчүн бонуска 10 ГБ интернет алуу мүмкүндүгүн тартуулайт.

Сервис COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча «Кыргызстан - жашыл зона» улуттук демилгесин колдоо жана санарип технологияларды өнүктүрүү максатында КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте ишке киргизилди.

Пандемия башталгандан бери О! Мобилдик оператору коронавируска каршы күрөшүү багытында иш-чараларга активдүү катышып, анын ичинде жардамдашуу тууралуу чакырыктарга биринчилерден болуп жооп берип, кыска мөөнөттүн ичинде миллиондогон жарандар үчүн керектүү демилгелерди ишке ашырып келет.

Эмне кылуу керек?

1. Өлкө боюнча ачылган пункттардын биринен COVID-19 каршы эмдөөнүн жок дегенде биринчи компонентин алуу.

2. «Мой О!» тиркемесинин идентификацияланган колдонуучусу болуу же болбосо түз эле тиркемеден тез онлайн идентификациядан өтүү.

3. «Мой О!» тиркемесин жаңылоо, «Менюга» кирүү, «Вакцинация статусун» тандоо жана «Текшерүүнү» басуу.

Вакцинанын экинчи компонентин алгандан кийин «Мой О!» тиркемесинин ар бир идентификацияланган колдонуучусу QR-код менен вакцинация тууралуу сертификатты акысыз ала алат.

Алган сертификатты каалаган мессенджерге же почтага жөнөтүүгө, ошондой эле «Путешествую без COVID-19» тиркемесинен маалыматтарды жүктөө үчүн колдонууга болот.

Эсиӊизде болсун, эпидемияны вакцинациянын жардамы менен гана токтотуу мүмкүн!

Өлкөнүн бардык аймактарында COVID-19 каршы масштабдуу жана акысыз эмдөө жүрүп жатат. Пункттардын даректерин http://med.kg/ru/vaktsinatsiya/4839-adresa-i-grafik-raboty-vremennykh-privivochnykh-punktov-po-vsej-respublike-2.html сайтынан биле аласыз. Соода борборлору менен билим берүү мекемелерин кошкондо, 800дөн ашуун эмдөө пункту ачылып иштеп жатат. Эмдөөдөн өтүү үчүн жаныӊызда паспорт болууга тийиш.

Өзүӊүзгө кам көрүӊүз, ал эми О! Мобилдик оператору сиздин камыӊызды ойлойт.

10 ГБ интернет-топтом бир жолу, КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан вакцина алгандыгы тастыкталган соӊ автоматтык түрдө кошулат. Акция 22.07.2021-ж. башталат. Акциянын мөөнөтү чектелүү. МТБМК караштуу МБА лиц.: №16-0062-КР, №16-0063-КР. Маалымат жарыяланган учурга карата жарамдуу: 22.07.2021. Кененирээк: www.o.kg



Тизмеге кайтуу