Кыргызча
05 декабря 2025

Акыркы жаңылыктар

Россияда роуминг үчүн SIM-картаны тездетилген блоктон чыгаруу иштей баштады

Россияда роуминг үчүн SIM-картаны тездетилген блоктон чыгаруу иштей баштады

O! операторунан роуминг менен чет өлкөдө онлайн болуңуз.

Россиянын байланыш операторлору чет элдик SIM-карталарды тездетилген текшерүү механизмин киргизишти, бул абоненттерге роуминг учурунда мобилдик интернетке жана SMS'терге тезирээк жеткиликтүүлүк алууга  мүмкүндүк берет.

Россиянын байланыш операторлору милдеттүү түрдө 24 сааттык «муздатуу мезгилин» киргизүүнү улантууда, бул учурда интернетке кирүү жана билдирүүлөр РФ мамлекеттик органдарынын талабы боюнча чектелет.

SIM-картаны тездетилген блоктон чыгаруу кантип иштейт

Эми абоненттерге катталган операторунан атайын шилтемеси бар SMS-билдирүү жөнөтүлөт. Шилтемени басып, жөнөкөй CAPTCHA текшерүү процессин өтүү керек, ал аракет адам тарабынан аткарылганын тастыктайт. Андан кийин байланыш кызматтарына жеткиликтүүлүк кабыл алуучу оператор тарабынан 24 сааттык күтүүсүз камсыздалат, мында блокировкадан чыгаруу ылдамдыгы оператордун тармагынын жүктөмүнө жараша болот жана бир нече мүнөткө созулушу мүмкүн.

Бул жумшартуу чараларын колдоо абоненттер үчүн  байланыш кызматтарын ыңгайлуу колдонууга жана Россия Федерациясына келгенде мобилдик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

O! операторунан роуминг менен чет өлкөдө онлайн болуңуз

Роумингди ого бетер ыңгайлуу кылуу үчүн O! оператору саякаттар үчүн арзан  интернет-топтомдорун сунуштайт. Алар сизге бир топ үнөмдөөгө жана интернет чыгымдарыңызды толук көзөмөлдөөгө жардам берет. Каалаган топтомду «Мой O!» тиркемесинен же *997*500# командасы аркылуу активдештирсе болот. Роумингде ошондой эле кошумча мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү: «Чексиз WhatsApp» «Чексиз Telegram» жана «Ишенимдүү интернет-роуминг» кызматы. Кененирээк маалымат o.kg сайтында.

Саякатчылардын ыңгайлуулугу үчүн O! онлайн-колдоосу иштейт WhatsApp (24/7 жеткиликтүү): +996 705 700 700 https://wa.me/996705700700

КР МТжБМК караштуу МБК лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК 06.12.2012 № 16-0062-КР жана № 16-0063-КР.