Кыргызча
18 февраля 2025

Акыркы жаңылыктар

O!Store дүкөндөрүндө O!Bank аркылуу 3 айдан 12 айга чейин бөлүп төлөө шарты каралган

Сизден документтердин минималдуу топтому талап кылынат.

Эми O!Store дүкөндөрүнөн каалаган түзүлүштү O!Bank аркылуу 3, 6, 9 же 12 айга бөлүп төлөө шарты менен сатып алсаңыз болот. Бул финансылык мүмкүнчүлүктөрүңүзгө жараша ыңгайлуу төлөө графигин тандоого мүмкүндүк берет.

Ийкемдүү графиктин артыкчылыктары

  • Азыр жана бул жерде жашоо. Жашоону кийинкиге калтыруу синдромуна «Жок!» деңиз. Бөлүп төлөө шарты заманбап технологияларды жеткиликтүү кылуу менен, ылайыктуу учурду күтүп отурбастан, смартфонуңузду бүгүн жаңыртууга мүмкүндүк тартуулайт.

  • Бюджетти башкаруу. Бөлүп төлөө менен бир чоң сумманы акырындап азайтуучу бир нече чакан төлөмгө бөлө аласыз.

  • Тездик жана жөнөкөйлүк. Сиз сатып алууну паспортуңуз менен бир нече мүнөттө жолжоболоштуруп, товарды дароо колдоно баштайсыз.

Сизден документтердин минималдуу топтому талап кылынат

  • Эгер кардар КР социалдык фондуна чегерүүлөрдү төлөсө – паспортун көрсөтүүсү жетиштүү.

  • Эмгек акысы тууралуу маалымкат. Эгерде мындай маалымкат жок болсо, 12 айдын ичинде 3 айлык активдүүлүк болгон учурда, банктан эсептешүү эсеби боюнча акыркы 3 же 12 айдын көчүрмөсүн алуу менен бөлүп төлөөнү жолжоболоштурса болот.

Бөлүп төлөө шарты баасы 3 миң сомдон 200 миң сомго чейинки товарларга берилет.

Баштапкы төгүм кардардын каалоосуна жараша төлөнөт, ансыз да алууга болот.

Кардар кошумча айыппул төлөбөстөн, карызын мөөнөтүнөн мурда төлөй алат. 

Кошумча мүмкүнчүлүктөр тууралуу кененирээк маалыматты 0705 007 000 телефону аркылуу же ostore.kg сайтынан ала аласыз.

Кредит «О!Банк» ААК тарабынан берилет. Банк кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. КРУБ 17.09.2024-ж. №044 лицензиясы

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.