Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик операторунун 4G LTE-тармагы бүт өлкөгө жайылуусун улантууда. Бул окуя өзгөчө Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата абдан актуалдуу.
Август айында компаниянын адистери тарабынан жалпы 150дөн ашуун 4G LTE базалык станциялары техникалык жактан модернизацияланды, натыйжада, борбор шаарда гана эмес, алыс жайгашкан райондордо да байланыш сапатын кыйла жакшыртууга мүмкүн болду.
Жакында аткарылган техникалык иштер төмөнкү калктуу конуштарды камтыды:
Чүй облусу: Төө-Ашуунун боюндагы Бишкек-Ош унаа жолунун бөлүгүндө, Кант, Токмок, Кара-Балта шаарларында, Чоң-Арык штк жана Панфиловское, Орто-Сай айылдарында;
Ысык-Көл облусу: Каракол шаарында, Пионер, Жергез айылдарында;
Нарын облусу: Нарын шаарында, ошондой эле Жаңы-Арык, Телек, Сары-Булак, Ак-Муз, Өзгөрүш, Талды-Суу, Ак-Кыя, Көк-Жар, Ак-Моюн, Ат-Башы айылдарында;
Талас облусу: Талас шаарында жана Боо-Терек айылында.
О! Мобилдик оператору – кыргызстандыктарга 4G LTE маалыматтарын жогорку ылдамдыктагы өткөрүү технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгүн биринчи болуп берген өлкөнүн эң ири байланыш оператору болуп саналат. Бүгүн О! – Кыргызстандагы 4G LTE-тармагынын камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидери. О! операторунун жогорку ылдамдыктагы кеңири тилкелүү интернетинен өлкөнүн калкынын 95%ынан ашуун бөлүгү пайдаланат.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
О! тармагынын камтуу картасы www.o.kg сайтынын Тармак камтыган аймак бөлүмүндө жеткиликтүү.

O!Prime'га жазылуу менен акчаңызды кайтарып алыңыз. АКЫСЫЗ кошуңуз!

Валентина Шевченко кайрадан иште! Сезондун негизги беттеши O!TV'да түз эфирде

«Переходи на О! Комбо»: эми 80 ГБ жана 100 ГБ интернет + премиум-номер белекке

iPhone 17 O!Store'до – акысыз жеткирүү менен бөлүп төлөө бар

O!Prime – күн сайынкы артыкчылыктары менен премиум жазылуу! «Мой О!» тиркемесинде АКЫСЫЗ кошуп алыңыз
Бардык жаңылыктар