Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору 4G LTE түйүнүн модернизациялоо боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырууну улантат. Аткарылган иштердин натыйжасында маалымат ѳткѳрүүнүн ылдамдыгы, ошондой эле добуштук байланыштын сапаты жогорулады. Жакшыртуу боюнча иштер жарым миллиондон ашык кыргызстандык жашаган 140ка жакын калктуу пунктта жүргүзүлдү:
«Акыркы жылда жашообуз толугу менен интернетке топтолуп калганын: аралыктан окуу, аралыктан иштѳѳ, медицина кызматкерлеринен онлайн консультация алуу, мамлекеттик кызматтарды онлайн алуу ж.б. эске алганда, биздин башкы милдетибиз абоненттерибиздин кѳнүмүш жашоосуна максималдуу түрдѳ таасир этүү менен түйүндү модернизациялоо болуп калды жана алдыда да боло бормекчи. Бардык иштер чекиттерде, кѳбүнчѳ түнкүсүн жана сѳзсүз түрдѳ түйүндү ѳнүктүрүү боюнча пландарды түзүү үчүн негиз болгон абоненттердин кайрылууларын эске алуу менен жүргүзүлѳт. Мындай комплекстүү иштин натыйжасында Кыргызстандын жашоочулары менен коноктору ар дайым туруктуу байланыш, жогорку ылдамдыктагы маалымат ѳткѳрүү жана сапаттуу добуштук байланыш кызматтарынан пайдалана алышат», - деп белгилейт О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
О! Мобилдик оператору – ѳлкѳнүн 99%дан ашык калкы жашаган камтуу аймагында 4G/3G/2G түйүндѳрүнүн камтылышы жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын лидери. Камтуу картасы жана О! түйүнүнүн ѳнүгүүсү жѳнүндѳ регулярдуу жаӊылыктар www.o.kg сайтында жеткиликтүү. Биз менен Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлѳр аркылуу байланышууга болот. Социалдык медиалардан тышкары, О! абоненттерине күнү-түнү колдоо кѳрсѳтүү кызматы WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot жана www.o.kg сайтында онлайн-чат аркылуу берилет.
Кыргыз киносу сиздин смартфонуңузда: Etnomedia бекер онлайн-кинотеатры
Термометрлер чектен чыгып жатканда, О! операторунда – үй-бүлөлүк тарифке минус 25%
Honor Кыргызстанда жаңы смартфондорун тартуулады: O!Store'до сатуулар башталды
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Маанилүү: О! оператору коддорду сурам кылбайт жана телефон аркылуу келишимди узартпайт
Бардык жаңылыктар