UFC 247: Джонс vs Рейес, Шевченко vs Чукагян. Бир гана О!TV cервисиндеги UFC ТV каналында түз алып берүү

UFC 247: Джонс vs Рейес, Шевченко vs Чукагян. Бир гана О!TV cервисиндеги UFC ТV каналында түз алып берүү

07.02.2020

Бүтүндѳй UFC дүйнѳсү бир эле баскычта! Эми UFC ТВ каналы өз көрсөтүүлөрүн O!TV сервисинде гана эксклюзивдүү кѳрсѳтөт. Жогорку санариптик сапаттагы жана мыкты комментаторлор менен түз алып берүүлөр.

UFC ТВ – бул толугу менен UFC аралаш жекеме-жеке беттештерине, турнирлерге жана мушкерлерге арналган дүйнѳдѳгү жалгыз телеканал. Жума сайын UFC ТВ каналы ири дүйнөлүк промоушендин беттештерин көрсөтөт. UFC ТВ каналы фанаттар иш-чаралардын бир да мүнөтүн өткөрүп жибербеши үчүн турнирлерди прайм-таймда кайталап берет. Мындан тышкары, UFC ТВ каналынын эфиринде өндүрүшүндөгү промоушендин программалары, дүйнө жүзүндөгү аралаш жекеме-жеке беттеш өнөрүнө арналган мурунку турнирлердин архивдери, интервью жана серептер орун алат.

КѲҢҮЛ БУРГУЛА! Бул жумада 9-февраль жекшембиге караган түнү Хьюстондо (АКШ) ѳтѳ турган алдыӊкы дүйнѳлүк ММА-промоушен - UFC 247’нин негизги номердик турнири болот. Турнирди көрүүчүлөрдү 12 беттештен турган кызыктуу карддар күтөт, аларды дароо 2 титулдук беттеш жыйынтыктайт.

Кеченин башкы беттешинин биринде биздин мекендешибиз Валентина Шевченко аялдардын эӊ жеӊил салмак категориясында америкалык Кэтлин Чукагянга каршы чемпиондук курун коргоого чыгат. Шевченко өз активинде чемпиондук титулун эки жолу коргоп алган. Экинчи жеңиши ѳткѳн жылдын август айында болгон. Анда «Ок» карьерасындагы биринчи жеӊилүүсү үчүн Лиз Кармуштан реванш алып, бир добуштан чечим менен жеӊишке жеткен.

Кеченин башкы окуясында салмак категориясына карабастан мушкерлердин рейтингинини лидери жана жарым оор салмактагы чемпион Джонс Джонс менен такыр жеңилбеген чемпиондукка талапкер Доминик Рейес дагы беттешет.

КАЧАН

2020-жылдын 9-февралында

Башталышы: саат 9:00

КАЙДАН КѲРҮҮГѲ БОЛОТ

БИР ГАНА O!TV тиркемесинде түз алып берүү. Тиркемени бул шилтемеден кѳчүрүп алыӊыз.

*750*3# буйрутмасы менен күнүнѳ болгону 7 сомго «O!TV Премиум» топтомун кошуп алыӊыз.

Айта кетчү нерсе – О! абоненттери үчүн гана ТВ-каналдарды кѳрүүдѳ интернет-трафик тарифтелбейт.

Суроо пайда болдубу? 750 (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) жана 0705 700 700 (башка операторлордун абоненттери үчүн) телефондоруна чалыӊыз . Кызмат тууралуу кененирээк маалыматты  o.kg сайтынан алууга болот. Наркта КНС кошулуп, СС эсептелбей кѳрсѳтүлгѳн.

O!TV – биздикилерди бирге колдойлу!

UFC® тууралуу

UFC® – аралаш жекеме-жеке беттештерди уюштуруу боюнча ири эл аралык уюм. UFC күйөрмандарынын базасы бардык санариптик платформалардагы социалдык тармактардагы 70 миллион катталуучуларды кошкондо дүйнө жүзү боюнча 300 миллиондон ашуун кишини түзөт. Уюм жыл сайын эң абройлуу ареналарда 40тан ашуун иш-чараларды уюштурат. 1 миллиарддан ашуун үй чарбалары UFC контентин көрө алат. Уюм 170тен ашуун өлкөлөрдө мушташтарды ТВ көрсөтүүлөрүн ишке ашырат. UFC’нин учурдагы ростери 60 өлкөнүн атынан чыгуучу аралаш жекеме-жеке беттештеринин мыкты мушкерлеринен турат. UFC FIGHT PASS®, аралаш жекеме-жеке беттештердин тармагындагы санариптик катталуулардын алдыңкы сервистеринин бири. 2016-жылы көңүл ачуулар, спорт жана мода тармагындагы дүйнөлүк лидер Endeavor жана анын стратегиялык инвесторлору Silver Lake Partners жана KKR компаниясы 2016-жылы UFC’ни сатып алышкан. 2001-жылдан тартып UFC штаб-квартирасы Лас-Вегаста жайгашат. Россияда өнүктүрүү максатында UFC Russia түзүлгөн, анын инвесторлору болуп Россия-Кытай инвестициялык фонду жана Mubadala Investment Company компаниясы эсептелет. Кошумча маалымат алуу үчүн ru.ufc.com сайтына кириңиз жана Facebook.com/UFC, Twitter, Snapchat жана Instagram: @ufcrussia баракчаларына катталыңыз.

 


Тизмеге кайтуу