Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору «О!го которул!» тарифтеринин катарындагы абоненттер үчүн атайын акцияны сунуш кылат. Эми жогорку ылдамдыктагы интернет топтомун колдонуп бүткөндөн кийин, «О!го которул» тарифтериндеги абоненттерде «Турбобаскыч 10Гб» же «Турбобаскыч 30Гб» кызматтарынын бирин кошуп, арзан баада жогорку ылдамдыктагы көп өлчөмдөгү трафикти алуу мүмкүндүгү пайда болду. Болгону 100 сомго жогорку ылдамдыктагы 30Гб интернет-трафигин, ал эми 40 сомго – 10Гб инетрнет-трафигин сатып алууга болот (баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү).
«Интернет Кыргызстанда өтө тез темп менен өнүгүп жатат, биз буга өзүбүздүн орчундуу салымыбызды кошуп жатканыбызга кубанычтабыз. Өткөн жылы «О!го которул» тарифтеринин катарын ишке киргизгенбиз, ал биздин кардарларыбыздын арасында өтө популярдуу болуп калды. Тарифтериндин шарттары боюнча жогорку ылдамдыктагы интернет топтомун колдонуп бүткөндөн кийин, интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн. Бирок биз колдонуучулар чоң көлөмдөгү файлды тезинен жүктөөгө же жөнөтүүгө зарыл болгон учурлар болуп калышы мүмкүн экендигин түшүнөбүз. Ошол себептен өз тарифин алмаштырбастан, максималдуу ылдам болуш үчүн биз «Турбобаскыч» кызматтарынын бирин кошууга мүмкүн боло тургандай кылдык. Ал жогорку ылдамдыкта кошумча интернет-трафигин колдонууга мүмкүндүк берет. Бул сунуш биздин кардарларыбыздын арысында чоң суроо-талапка ээ болот деп ишенем», – деп О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко билдирди.
Атайын акцияны пайдаланып калыш жана «Турбобаскыч 30Гб» жана «Турбобаскыч 10Гб» кызматтарынын бирин кошуш үчүн «О!го которул» тарифтериндеги абоненттер үчүн гана экендигин эске салабыз. «Турбобаскыч 30Гб» кызматын кошу үчүн *735*30#, «Турбобаскыч 10Гб» - *735*10# буйрутмаларын терүү керек. Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин калганын текшерүү *728*9# буйрутмасы боюнча жеткиликтүү.
Акциянын иштөө мөөнөтү чектелген. «Турбобаскыч» кызматтарынын шарттары менен бул жерден таанышууга болот.
О! мобилдик оператору – дароо азыр кошул!

О! Мобилдик оператору эл аралык WOW! HR 2025 сыйлыгын утуп алды

Балатынын астына белектерди сатып алыңыз жана 2% кешбэк кайтарып алыңыз

O!Store Honor смартфонун сатып алган ар бир кардарга белек тартуулайт!
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Россияда роуминг үчүн SIM-картаны тездетилген блоктон чыгаруу иштей баштады
Бардык жаңылыктар