Акыркы жаңылыктар
Өткөн ишембиде, 7-майда, О! мобилдик операторунун дирекцияларынын биринин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык бакчасын тазалоону уюштурду.
Акцияга О!нун коммерциялык дирекциясынын 50 дөн ашык кызматкери катышты. 3 сааттын ичинде компаниянын кызматкерлери Ботаникалык бакчанын аймагынын бир бөлүгүн көрктөндүрүп, отоо чөптөрдөн тазалап, өткөн жылкы жалбырактын калдыктарын ташып чыгарып, бир нече кап таштанды чогултту.
«Май майрамдарынын учурунда биздин кызматкерлер ишембиликке катышышты. Ишембилик пландаштырылган күндө иштердин көлөмү ашыгы менен аткарылды. Өз шаарыбызда тазалыкты жана тартипти сактоону каалагандар жыл сайын көп болуп жаткандыгына өтө кубандым», - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы «О!Мамлекеттик» тарифи
О! операторунан Java-иштеп чыгуучулар үчүн акысыз стажировкага кабыл алуу старт алды
Шылуундар өздөрүн О! кызматкери катары тааныштырып, SMS-коддорду билүүгө аракет кылып жатышат
О! Мобилдик оператору маалымдайт
O!Store Ош шаарынын тургундарын шоу-программа жана белектер менен коштолгон жаңы филиалдын ачылышына чакырат!
Бардык жаңылыктар