О! мобилдик операторунун кызматкерлери кан берүү акциясына катышышты

21.06.2016

20-июнуда О! мобилдик операторунун башкы кеңсесинде донордук кан берүү боюнча пункт ачылды. Кан берүү борборунун адистери атайын жабдууларды алып келип орнотушту. Алдын ала кеңештерди алып жана врачтардан текшерүүдөн өткөндөн кийин, бардык каалаган кызматкерлер канды тез жана коопсуз тапшыра алышты.

Көчмө пункт 4 саат иштеди. Бул убактын ичинде компаниянын 40 кызматкери оор абалдагы пациенттерге жардам берүү үчүн акцияга катышышты. Мындай оңой эмес процедурага ден соолугу боюнча туура келип, уруксат берилген ар бир донор 450 миллиграмм таза донордук кан берди. Донордук кан алуу пунктунун ушул убактысында 15 литрден ашык кан алууга жетишишти. Бардык топтолгон кан ооруп жаткан адамдарга өткөрүп берилет, аларга күн сайын донордук кан коюу зарыл.

 «Мен көп жылдан бери ушундай акцияларга катышып келем. Мен ушундай жол менен аябай кан керек болгон адамдарга жардам берип жатканыма кубанычтамын. Көчмө пункттарды копаниянын аймагына алып келип уюштурганы ыңгайлуу экен, мындай сооптуу ишти жасоого аз гана убакыт кетет», – деп белгиледи О!нун кардаларын тейлөө боюнча дирекциянын жетекчиси Игорь Панасенко.




Тизмеге кайтуу