Акыркы жаңылыктар
«Донор болуу – ден соолук үчүн пайдалуу», - деп процедурага келген О! мобилдик операторунун кызматкерлерин сүйүнүү менен Республикалык кан борборунун директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева тосуп алды.
Жалпыга белгилүү болгондой, Кыргызстанда жана башка көпчүлүк өлкөлөрдө донордун азайышынан улам донордук кандын жана анын компоненттеринин тартыштыгы бар. Мындай учурда О! мобилдик операторунун башкы кеӊсесинин базасында «Донор күнүн» өткөрүү өзгөчө маанилүү. О!нун биримдиктүү жааматы бул иш-чарага чоӊ берилүү менен, эӊ башкысы – өз эрки менен жана акысыз катышты. Кабинетке өз эрки менен келгендер кирип-чыгып жатканда, кан куюунун мобилдик станциясынын кызматкерлери донор болуу эмне үчүн маанилүү экендиги менен бөлүштү:
«Илимий жактан баттан кан тапшырып туруу ден солукка жакшы таасир тийгизет, донордун өзүнүн иммундук системасы бекемдейт, кан айлануунун мүмкүн боло турган бузууларынын алдын алууга мүмкүндүк берет жана жаштыкты узартат!».
Мындан тышкары, пациенттерди дарылоо үчүн донор катары кан берүү фактысы сиздин жашоо образыӊыз чынында эле сергек экендигин ырастайт. Зыян адаттардын жоктугу, келбеттүү дене түзүлүш жана жакшы организм – ушунун баары кан алып жаткан адам үчүн сиздин каныӊыз коопсуз жана пайдалуу экендигине кепилдик.
«Донор болуу – бул ардактуу да. Сиздин бул кайрымдуу иш-аракетиӊиз – кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калат. О! компаниясындагы балдаргыа ушундай активдүүлүк көрсөткөндүк үчүн рахмат!» - деп айтты Айганыш Сатыбалдиева.
Кандын донору болуу ниетин көпчүлүгү билдирди, жыйынтыгында Республикалык кан борборунун запасы 19 литрден ашык канга толду.
Донордук кан күнүгө талап кылынарын билүү керек. Канды же анын айрым компоненттерин алмаштыруусуз бир да хирургиялык операция мүмкүн эмес. Сиз да ушундай кайрымдуу акцияга катышыӊыз, Бишкек ш. республикалык кан борборуна кайрылыӊыз.
Кыргызстанда 7 май – Байланыш күнү: О! командасынын атынан куттуктоо
О! МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУ МААЛЫМДАЙТ
Жетишпеген – смартфонсуз калды! О!Store дүкөндөрүндө сатып түгөтүү аягына чыгып жатат
Май айындагы каникулду чет өлкөдөн өткөрүңүз: О! интернет-роуминги менен байланышта болуңуз
Май майрамдарына чейин кошконго жетишип калыңыз: үй-бүлөңүз ар дайым байланышта жана көптөгөн көңүл ачуулар бар!
Бардык жаңылыктар