Акыркы жаңылыктар
Санариптик эфирдик теле берүүгө өтүү боюнча мамлекеттик демилгени колдоого алуу менен, О! мобилдик оператору биринчилерден болуп мобилдик телеберүүнү активдүү жайылтууну жана өнүктүрүүнү баштады. Бул иштин бүгүнкү жыйынтыгы – O!TV мобилдик тиркемеси 100 миңден көп жолу жүктөлгөн, ал аркылуу кыргызстандыктарга Интернет бар бардык жерде фильмдерди, сериалдарды, мультфильмдерди санарипте берүү жеткиликтүү.
O!TV кызматы менен каалаган түзүлүштөн - смартфондон, планшеттен жана Smart TV функциясы бар бардык Sony, Phillips, Samsung телевизорлорунан антенналарсыз, тирегичтерсиз жана сымдарсыз көрүүгө болот.
Смартфондор үчүн «О!го которул + TV» тарифтеринин эң ыңгайлуу тизмеги жумасына 115 сомдон тартып (мобилдик ТВ + чексиз ылдам интернет + О! түйүнүндө акысыз баарлашуу);
Роутер же Wingle көп колдонула турган үй же дача үчүн жумасына 300 сомдон арзандатылган баадагы «Чексиз 4G + О!TV» тарифи эң туура келет (130 ТВ канал + чексиз ылдам интернет).
«Бүгүн биз жаңы технологиялык революциянын – санариптик телеберүүнү массалык жайылтуунун эпицентринде турабыз. Анын артычылыктары өзү эле түшүнүктүү, себеби бул принципиалдуу жаңы мүмкүндүктөр – интерактивдүүлүк жана мобилдүүлүк. O!TV сервисин өнүктүрүү - бул биздин компаниябыздын бүткүл Кыргызстан боюнча коомдун санариптик өнүгүшүнө кошкон салымыбыз», - деп билдирди О! мобилдик операторунун комерциялык директору Максим Сидоренко.
Эң негизгиси, O!TV сервиси кыргызстандык каалаган байланыш операторунун абоненттерине көрүү үчүн жеткиликтүү, бирок О! абоненттери үчүн гана ТВ каналдарды көрүүдө интернет-трафик тарифтештирилбейт. Сервиске эки кадам менен кошулууга болот - O!TV тиркемесин өз түзүлүшүңүздөгү тиркемелер дүкөнүнөн жүктөңүз жана O!TV сервиси кошулган каалаган топтомду же тарифти кошуңуз. Сизге O!TV байкап көрүү оңой болуш үчүн кенен нускама, ошондой эле Smart TV-ни эч кандай кыйындыктарсыз кантип туура тууралоо керектиги жөнүндө видеобаян даярдадык. Кенен маалымат 707 (О!нун абоненттери үчүн чалуу акысыз) жана 0705 700 700 (башка операторлордун абоненттери үчүн) телефондору боюнча да жеткиликтүү.
O!TV – жагымдуу көрүү каалайбыз!
Маалымдама үчүн: 1994 –жылдан тартып Кыргызстан Эл аралык электр байланыш кеңешинин (ЭЭК) мүчөсү болуп саналат жана дал ошол себептен 2006-жылы өлкөбүз санариптик эфирдик телеберүүгө биротоло өтүү планына кошулган («Женева-2006» планы). Кыргызстан толугу менен санариптик берүүгө 2017-жылдын 15-майында өттү.
Кыргызстанда 7 май – Байланыш күнү: О! командасынын атынан куттуктоо
О! МОБИЛДИК ОПЕРАТОРУ МААЛЫМДАЙТ
Жетишпеген – смартфонсуз калды! О!Store дүкөндөрүндө сатып түгөтүү аягына чыгып жатат
Май айындагы каникулду чет өлкөдөн өткөрүңүз: О! интернет-роуминги менен байланышта болуңуз
Май майрамдарына чейин кошконго жетишип калыңыз: үй-бүлөңүз ар дайым байланышта жана көптөгөн көңүл ачуулар бар!
Бардык жаңылыктар