Акыркы жаңылыктар
О! мобилдик оператору түйүндүн жаңы жылдык түндөгү жогорку жүктөмдөргө даяр экендиги жөнүндө маалымдайт. Компаниянын техникалык адистери масштабдуу иштерди жүргүздү жана түйүндү даярдашты. Бул кыргызстандыктарга түйүндө чалууларды ыңгайлуу жасоого, билдирүүлөрдү алууга жана жөнөтүүгө, сүрөт жана видео материалдар менен бөлүшүүгө жана майрамдык эс алуу күндөрүндө мобилдик телеберүүнү көрүүгө мүмкүндүк берет.
Компаниянын техникалык адистери маалыматтарды берүү каналдарын, ошондой эле шаарлар аралык жана эл аралык байланыштар каналдарын кеңейтүү боюнча бир катар иштердин комплексин жүргүзүштү. Мындан тышкары, майрамдык күндөрдө адистердин кошумча кезметчилиги уюштурулду.
«Биздин техникалык адистер бүтүндөй 2016-жыл бою байланыш сапатын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүштү. Биз декабрда, салт болуп, калгандай түйүнгө кошумча тууралоолорду аны жаңы жылдык экстрималдык жүктөмдөргө даярдоо үчүн уюштурдук. Ушунун натыйжасында, абоненттер бири бирине бат чалышып, билдирүүлөрдү жүктөмдөр күчөп турган сааттарда да кечиктирбестен жөнөтө алышат. Жаңы жылдык түндө да, башка бардык майрамдык эс алуу күндөрүндө да кыргызстандыктар өз жакындары жана туугандары менен баарлашуудан ырахат ала алышат!», — деп О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко белгиледи.
О! мобилдик оператору бардыгыңыздарды келе жаткан майрамдар менен куттуктайт!
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Маанилүү: О! оператору коддорду сурам кылбайт жана телефон аркылуу келишимди узартпайт
FIFA CLUB WORLD CUP 2025 графиги – легендарлуу матчтар O!TV'да гана
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Жай Honor жана O!Store менен: кешбэк 1500 сом + фирмалык белектер!
Бардык жаңылыктар